Skillet - 1996-жылы Мемфисте (Теннесси) түзүлгөн америкалык христиандык рок-тобу. Топтун учурдагы курамы: жубайлар Жон (вокал, бас-гитара) менен Кори Купер (ритм-гитара, клавиштүү инструмент, бэк-вокал) жана ошондой эле доолбасчы Жен Лежер (вокал) менен Сет Моррисон (соло-гитара). Бул топ тогуз альбом чыгарган. Collide (кырг. Кагылышуу) менен Comatose (кырг. Коматоздук) альбомдору "Грэмми" сыйлыгынын талапкерлери болгон. RIAA ассоциациясы Awake (кырг. Ойгоо) менен Comatose альбомдоруна ак алтын тастыктамасын ыйгарды, ал эми 2016-жылдын 12-июлунда Rise (кырг. Өйдө чыгуу) альбому алтын тастыктамага ээ болгон.

Skillet тобунун түзүлүшүнөн бери курамында бир канча өзгөрүүлөр болгон, топтун негиздөөчүсү Жон Купер өзгөрүлбөс мүчөсү бойдон калган. Songkick.com боюнча талыкпаган гастролдук иш ырааты үчүн Skillet 2010-жылы "Эң көп иштеген топ" тизмесинде беш эң мыкты топтордун арасына кирген.

Тарыхы түзөтүү

Курамы түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү