Sony Corporation (ソニー株式会社 Сони: Кабусики кайся, көп учурда жөн эле Sony деп аталат) — Токиодогу Минатонун Конан жергесинде жайгашкан жапон эл аралык конгломерат мекемеси. Анын ар түрдүү ишкердиктери керектөөчү жана кесипкөй электрониканы, оюндарды, көңүл ачууну жана каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт. Компания керектөөчүлөргө жана кесиптик базар үчүн электроникалык продукттарды иштеп чыгарган негизги өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат. Sony Fortune Global 500 2016-жылдагы тизмесине 113-орунду ээлеген.

Sony Corporation электроника ишкердик уюму жана Sony Groupга (ソニー・グループ Сони Гурупу) ээлик кылган компания. Ал өзүнүн төрт иштөө компоненти аркылуу ишкердик менен алектенет. Алар: электроника (AV, IT жана байланыш өндүрүмдөрү, жарым өткөргүчтөр, видео оюндар, тармак кызматтары жана медициналык бизнес), тасма (кинотасмалар жана телеберүүлөр), музыка (үн жаздыруу жана музыка жарыялоо) жана каржылык кызмат көрсөтүүлөр (банк жана камсыздандыруу). Аталган багыттар Sonyни дүйнө жүзү боюнча ар тараптуу оюн-зоок компанияларынын бири кылат. Бул топ Sony Corporation, Sony Pictures, Sony Mobile, Sony Interactive Entertainment, Sony Music, Sony Financial Holdings жана башкалардан турат.

Sony жарым өткөргүчтөрдү сатуу боюнча сап башында тургандардын бири жана 2016-жылга карата дүйнө жүзүндөгү сыналгы өндүргөн Samsung Electronics, LG Electronics, TCL жана Hisense компанияларынан кийинки бешинчи чоң компания болуп эсептелет.

Компаниянын учурдагы урааны "АЛГА ЖЫЛ" (англ. BE MOVED). Алардын мурдагы ураандары "жаса.ишен" (англ. make.believe, 2009-2014), "башкалардай.эмес" (англ. like.no.other, 2005-2009) жана "Бул Сони" (англ. It's a Sony, 1980-2002) болгон.

Sony Mitsui кэйрэцунун мураскору болгон Sumitomo Mitsui Financial Group (SMFG) кэйрэцусу менен байланышы начар.

Ишкердик бөлүктөрү түзөтүү

Sony дүйнө жүзү боюнча өндүрүмдөрдүн ар кандай түрүн сунуш кылат. Sony Rolly аттуу музыка ойноткуч роботту, ит кебетесиндеги AIBO аттуу роботторду жана QRIO аттуу адам сымал роботту иштеп чыккан.

2016-жылдын 1-апрелине карата Sony төмөнкү ишкердик бөлүктөрдү негиздеген: мобилдик байланыш (MC), оюн жана тармак кызматтары (G&NS), сүрөт иштетүү жана чечүүнүн жолдору (IP&S), үйдө көңүл ачуу жанаүн (HE&S), жарым өткөргүчтөр, компоненттер, сүрөт, музыка, каржылык кызмат көрсөтүүлөр жана башкалар. Тармактык жана медициналык ишканалар тиешелүүлүгүнө жараша G&NS менен IP&Sке киргизилген.

Корпорация тууралуу маалымат түзөтүү

Каржы түзөтүү

Sony киреше жагынан Жапониянын эң ири компанияларынын бири болуп саналат. Ал 2012-жылы ¥6,493 триллион киреше тапкан. Ошондой эле ал 2012-жылга карата ¥895 миллиардды түзгөн накталай акча резервдерине ээлик кылат. 2012-жылдын май айында Sonyнин акциялары болжол менен $15 млрдга бааланган.

Шилтемелер түзөтүү