Turbo Pascal (айтылышы "ту́рбо паска́ль") - DOS жана Windows 3.x платформалары үчүн программалык камсыздоо иштеп чыгуунун интеграцияланган чөйрөсү жана бул чөйрөнүн программалоо тили; Borland фирмасынын Pascal тилинин диалекти.

Borland Pascal соода белгиси кымбат варианттар үчүн алынып коюлган (көп сандаган китепканасы жана стандарттык китепкананын баштапкы коду бар), арзан, оригинал жана кеңири белгилүү версиясы Turbo Pascal деген аталышта сатылган. Borland Pascal аты да кененирээк мааниде, Borland фирмасынын Pascal тилинин расмий эмес версиясынын аталышы катары колдонулат. x32 платформасында иштейт

Турбо Паскалдын артыкчылыктары жана кемчиликтери түзөтүү

Артыкчылыктары түзөтүү

  • Ар кандай убакта жеткиликтүү функционалдык түзөөчүсү бар ыңгайлуу иштөө чөйрөсү.
  • Тилди башка булактарга кайрылбастан үйрөнүүгө жол ачкан контексттик сурап-билүү системи.
  • Жогорку ылдамдыкта компилдөө, компилденген программалардын жогорку ылдамдыкта аткарылышы.
  • Ассемблер тилиндеги кошмолорду колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы.

Кемчиликтери түзөтүү

  • Компилятор дээрлик колдонулбаган DOS реалдуу режимине болжонгон. Бирок, компилятордун жана чөйрөнүн акыркы версияларына тиешелүү түзөөчү (TD) менен чогуу корголгон режимди колдоо киргизилген.
  • CRT модулунда ката бар: программаны 200 MHz такт жыштыктагы кампүтерлерде иштеткенде дароо "Runtime error 200 at…" - деген билдирүү чыгып, авариялык жыйынтыктоо болот (delay функциясынын циклдеринин ката саналышы, ылдам процессорлорго, алмашмалуу жыштыктуу процессорлорго, көп максаттуу чөйрөлөргө болжонгон эмес). CRT модулун оңдоонун түрдүү жолдору бар. Клаус Хартнегг тапкан жолдо 200 катасы чыкпайт, бирок ылдам компүтерлерде Delay'дын созулушу күтүлгөндөн аз. Бул да болсо, билбестиктен Turbo Pascal'дын кемчилиги деп эсептелинет.
  • Кошмо ассемблердеги белгилердин иштешинде мүчүлүштүктөр бар (белги буйруктары аларга өтүлбөгөн учурда да аткарылып калат)

Шилтемелер түзөтүү