UTC+08:45
UTC+08:45 — Австралиянын беш калктуу аймактары (Кейгуна, Юкла, Мадьюра, Мандрабилла, Бордер-Виллидж) колдонгон убакыт алкагы. UTC+08:45 убакыты Батыш Австралияда жана Түштүк Австралияда, Эйр шоссесинин боюндагы жайгашкан кээ бир үйлөрдө, мекемелерде, соода менен алектенген жеке ишкерлер тарабынан колдонулат[1].
Бул убакыт алкагы штаттар, федералдык өкмөт тарабынан мыйзамдуу түрдө бекитилбесе да[2], анын башталган жана аяктаган чек аралары штаттардын жергиликтүү бийликтери тарабынан так таанылат жана көбүнчө жол карталарында белгиленген[3].
Эйр шоссесинде орнотулган жол белгилеринде, саякатчыларга жана айдоочуларга сааттын жебесин 45 мүнөткө жылдыруу туралуу малыматтар жайгаштырылган[4].
Жыл бою түзөтүү
- Австралия (бир бөлүгү):
- Батыш Австралия штаты (бир бөлүгү):
- Кейгуна
- Юкла
- Мадьюра
- Мандрабилла
- Түштүк Австралия штаты (бир бөлүгү):
- Бордер-Виллиж
- Батыш Австралия штаты (бир бөлүгү):
Дагы окуңуз түзөтүү
Булактар түзөтүү
- ↑ Time zones and daylight saving (англисче)
- ↑ Times zones in Australia (англисче)
- ↑ Shire of Dundas Annual Report 2012-2013 (англисче)
- ↑ Central Western Standard Time: The Time Zone You Won’t Find on a Map (англисче)