UTC+11:30
UTC+09:30 — азыркы учурда колдонулбай калган убакыт алкагы.
Тарых түзөтүү
1868-жылы 2-ноябрда Жаңы Зеландия расмий түрдө бүткүл өлкө үчүн стандарттуу убакытты киргизген. Мындай стандарты АКШ менен Канадага караганда 15 жыл мурун киргизген биринчи өлкө болгон[1][2]. Убакыт гринвичтин 172° 30' чыгыш узундугуна негизделген, ал гринвич убактысынан 11 саат 30 мүнөт алдыда[3]. Бул стандарт Жаңы Зеландиянын орточо убактысы (NZMT) деп аталган[4].
1927-жылы Жаңы Зеландия жай мезгилинде UTC+12:00 убакытын колдоно баштаган, 1941-жылы Жаңы Зеландиянын жайкы убактысы өзгөчө жоболорду кабыл алуу жолу менен жыл бою колдонулуна баштаган. Жаңы Зеландия орточо убактысы 1945-жылы толугу менен жоюлган[1].
Ошондой эле бул убакыт алкагы Норфолк аралында ( Австралия) колдонулган.
Норфолк аралы өз убактысын 1901-жылы Гринвич убактысы (GMT) боюнча 11 саат 12 мүнөткө чейин жылдырган. 1951-жылы дүйнөлүк стандартка ылайык келтирүү үчүн, аралдагы убакыт алкагына 18 мүнөт кошулуп — UTC+11:30 убакыт алкагы колдонула баштаган. Бул убакыт алкагын колдонууда өлкөнүн материктик бөлүгү менен байланышууда кошумча көйгөйлөр туулган жана 2015-жылдын 4-октябрында толугу менен жоюлган[5][6].
Дагы окуңуз түзөтүү
Булактар түзөтүү
- ↑ 1.0 1.1 New Zealand Geographic. Time (англисче)
- ↑ Art. LV.—On New Zealand Mean Time, and on the Longitude of the Colonial Observatory, Wellington; with a Note on the Universal Time Question. (англисче)
- ↑ OUR TIME. Evening Post, Volume CVII, Issue 80, 8 April 1929 (англисче)
- ↑ Transactions of the Royal Society of New Zealand (англисче)
- ↑ Time Zones in Norfolk Island (англисче)
- ↑ Norfolk Island standard time changes 4 October 2015 (англисче)
Тышкы шилтемелер түзөтүү
- UTC+11:30 алкагында шаарлар (англисче)
- Убакыт жана дата (англисче)
- Дүйнөнүн убакыт алкактары (англисче)
- Timetemperature (англисче)