"V демек - Вендетта" (англ. V for Vendetta, орус. V — значит вендетта) — саясий триллер. Режиссеру Жэймс Мактиг. Сценарийи Алан Мур менен Дэвид Ллойддун ушул эле аталыштагы DC/Vertigo Comics басмаканасы 1988-жылы чектелген серияда чыгарган комиксине негизделип жазылган, авторлору — бир тууган Вачовскилер. Тасмадагы окуя альтернативдик келечекте орун алат. Анда неофашист режим Бириккен королдукту өзүнө каратып алган болот. Хуго Уивиң анархист, эркиндик үчүн күрөшкөн Vнин образын жаратат. V татаал террористтик акттардын жардамы менен көтөрүлүш жасоого аракет кылат. Жаш, эмгекчи катмарына кирген Натали Портман (Иви) Vнин миссиясы учурунда колго түшүп калат. Ал эми Стивен Ри Vни токтотуш үчүн издөө тобун жетектеген, айласы түгөнгөн детективдин ролун аткарат.

V демек - Вендетта
Жанры

thriller film, dystopian film, Экшен-триллер, political drama, vigilante film, post-apocalyptic film, science fiction action film, LGBT-related film и political thriller film

Режиссёру

James McTeigue

Продюсери

Lilly Wachowski,
Grant Hill,
Joel Silver,
Lana Wachowski

Сценарийдин
автору

Lana Wachowski,
Lilly Wachowski

Оператору

Adrian Biddle

Композитору

Dario Marianelli

Кинокомпания

Vertigo, Virtual Studios и Silver Pictures

Узактыгы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Бюджети

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Кирешеси

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Өлкө

АКШ
Улуу Британия
Германия

Тили

англис тили

Жылы

Маалыматтардын маңызы белгисиз. и Маалыматтардын маңызы белгисиз.

IMDb

ID 0434409

Тасма башында Warner Bros. компаниясы тарабынан 2005-жылдын 4-ноябрында (400-Гай Фокс түнүнөн бир күн мурун) экрандаштырылат деп пландаштырылып, бирок кийинкиге жылдырылган. Ал 2006-жылдын 17-мартында көрсөтүлө баштап, оң ой-пикирлерге ээ болгон. "Тозоктон" (2001) жана "Адаттан тыш мыразалардын лигасы" (2003) эмгектеринен ылайыкташтырылып тартылган тасмага канааттанбаган Алан Мур кинофильмди көрүүдөн баш тартып, калем акы төлөбөй эле коюшун айткан.

"V демек - Вендетта" көптөгөн саясий топтор тарабынан мамлекеттик кысымдын кыйытып көрсөтүлүшү катары сыпатталган: либертариандар менен анархисттер муну өз ишенимдерин жайылтуу үчүн пайдаланышкан. Дэвид Ллойд мындай деген: "Гай Фокстун бет кабы эми жалпы брэнд болуп, катаал режимге каршылык көрсөтүү үчүн ыңгайлуу көрнөк болуп калды. Адамдар муну колдонуп атканына кубанычтамын, белгилүү маданияттын символу бул жол менен пайдаланылып жатканы бир топ эле өзгөчө туюлуп жатат."

Мазмуну түзөтүү

Каармандарда түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү