"Viva la Vida" ([ви́вa ла ви́да]) - британиялык Coldplay рок-тобунун Viva la Vida or Death and All His Friends альбомундагы экинчи сингл. Испан тилинде "Жашасын өмүр" дегенди билдирген аталыш Фрида Калонун натюрмортунан алынган.

Coldplay тобу бул ырды жандуу үн менен биринчи жолу 2008-жылы 1-июнда 2008 MTV Movie Awards аземинде ырдаган. Сингл июнь айынын үчүнчү аптасында Coldplay'дин мансабында биринчи жолу британ сатуу чарттарында дагы, АКШдагы Billboard Hot 100'дө дагы биринчи сапка жеткен. Аталган ыр 2012-жылы декабрда "Скробблингдин 10 жылынын мыкты композициялары" символдук тизмесинде тогузунчу орунду ээлеген.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү