WikiStipendiya — Өзбек Википедиясынын контентин жакшыртууга багытталган вики долбоор. Долбоор Өзбекстан Республикасынын Жаштар иштери боюнча агенттиги тарабынан Өзбекстандын Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги, Жаш жаратуучулар кеңеши жана өзбек тилдүү викимедиа колдонуучуларынын тобу менен биргеликте уюштурулган.[1]

WikiStipendiya
WikiStipendiya marafoni
Урааны:

Tilimiz uchun! (Тилибиз үчүн!)

Ырасмый тили:

өзбек тили

Негизделген

май 20, 2022 (2022-05-20)

Долбоордун аталышы "wiki" жана "Stipendiya" деген сөздөрдүн айкалышы. Долбоор өзбекче Википедиядагы маалыматтын көлөмүн көбөйтүүгө багытталган жана ага студенттер гана эмес, бардык каалоочулар катыша алат.[2] Долбоордун дагы бир максаты - өзбек тилиндеги викилердин редакторлорунун санын көбөйтүү.

Долбоордун 2022-жылдын 20-майынан 20-декабрына чейин созулган биринчи этабында өзбекче Википедияда 76 000ден ашуун жаңы макала түзүлүп, активдүү салым кошкондордун саны төрт эсеге көбөйгөн. Долбоордун экинчи мезгили 2023-жылдын 1-июнунда башталган.[3]

WikiStipendiya долбоору Өзбекстанда чоң кызыгууну жаратты, негизги басылмалар анын бүткүл мезгили тууралуу баяндап турушту. 2023-жылы WikiStipendiya көз карандысыз Rost24 маалымат агенттигинин "Жылдын мыкты долбоору" сыйлыгын жеңип алды.[4]

Тарыхы түзөтүү

 
WikiStipendiya басма сөз жыйыны

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2019-жылы чыгарган жарлыгынын негизинде өзбек тилинин интернетте татыктуу орунду камсыз кылуу максатында WikiStipendiya долбоору ишке киргизилген. Жаштар иштери боюнча агенттиги чоң байге фонду менен вики-марафон өткөрүү чечимин кабыл алып, Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги жана Жаш жаратуучулар кеңеши менен кызматташууну жолго салды. Көп өтпөй өзбек тилдүү Wikimedia колдонуучуларынын тобу бул демилгени толугу менен ишке ашырууну чечишти.

2022-жылдын 13-майында Ташкентте вики-марафон тууралуу коомчулукка маалымат берүү үчүн маалымат жыйыны болуп өттү.[5] WikiStipendiya студенттер жана массалык маалымат каражаттары арасында чоң кызыгууну жаратты, марафон тууралуу макалалар бир нече басылмаларда жарыяланды.[6][7] 20-майда марафондун расмий ачылышына чейин марафондун расмий Telegram каналына 15 миңге жакын адам катталган. 2022-жылдын 14-майында Ташкентте жаңы колдонуучулар үчүн семинар уюштурулду. Ошондой эле, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери менен өзүнчө сессия өткөрүлүп, анда марафон жана Википедия Окутуу программасы тууралуу маалымат берилди. Марафон расмий башталар алдында Жаштар иштери боюнча агенттигинин жардамы менен 12 видеодон турган видео колдонмо жазылып, Өзбек Википедиясынын YouTube каналына жүктөлгөн.


2-мезгил түзөтүү

Марафондун экинчи мезгили 2023-жылдын 30-майында башталган. Долбоордун бул сезонунда өзбекче Википедиядагы макалалардын сапатын жогорулатуу, Өзбекстан жана ага тиешелүү темалар боюнча макалаларды түзүүнү кубаттоо жана аларды чет тилдердеги Википедияларга которууга басым жасалаары күтүлүүдө. Мындан тышкары, марафондо WikiTur жана WikiQuiz сыяктуу жаңы долбоорлорду өткөрүү пландаштырылууда.[8] Долбоордун биринчи этабы 2023-жылдын 1-июнунда Наманган мамлекеттик университетинде башталды жана июнь айында негизги көңүл Фергана өрөөнүнө бурулган.

Методологиясы түзөтүү

WikiStipendia 2022-жылдын 20-майынан 20-декабрына чейин улана турган вики-марафон катары уюштурулду. Катышуучулар кеминде 15 жашта болусу керек. Катышуучулар өздөрү кызыккан ар кандай тема боюнча контент түзө алышат.[9] Бирок, алты кеңири багыт боюнча (табигый илимдер жана табият таануу, тарых, маданият жана искусство, философия, техника жана технология, адам жана коом, оюндар жана спорт, география) макалаларды түзүү сунушталды. Колдонуучуларга тема тандоону жеңилдетүү үчүн википедияды жаратыла элек макалалардын тизмеси түзүлдү. [10]

Эң активдүү колдонуучуларды бир жолку стипендия менен сыйлоо үчүн US$30,000 жакын акча бөлүнгөн.[11] Өзбек тилдүү викимедиа колдонуучулар тобунун активдүү мүчөлөрү марафондун катышуучуларынын салымдарын баалоо милдетин алышты.

Байланыштуу долбоорлор түзөтүү

 
Бир жумалык WikiOromgoh-2 лагеринин катышуучулары

Марафондун алкагында дагы бир нече чакан долбоорлор уюштурулду, анын ичинде:

  • ErkinLitsenziyalar: ачык мазмун лицензияларын илгерилетүү
  • WikiAudio: өзбек тилиндеги аудио макалаларды түзүү
  • WikiAyollar: аялдар тууралуу контент түзүү менен өзбекче Википедиядагы гендердик ажырымды жабуу
  • WikiOromgoh: жалпысынан 300 катышуучуну жана Wikipedia администраторун бириктирген эки жумалык лагерь
  • WikiSport: Өзбек Википедиясында спортко байланыштуу контентин жакшыртуу
  • WikiTaʼlim: Өзбекстанга Вики окууну киргизүү

Натыйжалар түзөтүү

 
Ташкентте WikiStipendiya сыйлыктарын тапшыруу аземи 2022-жыл 26-декабрь

2022-жылдын 20-декабрында WikiStipendiyanın биринчи мезгили аяктады. Биринчи мезгилин бүтүшү менен өзбекче Википедиядагы макалалардын саны 216 000ден ашып, аягына чейин грек тилиндеги макалалардан санынан өтүп кетти. Жалпысынан 2022-жылдын май жана декабрь айларында дээрлик 77 000 макала жаратылды. [12] WikiStipendiya ошондой эле Өзбек Википедиясында активдүү колдонуучулардын санынын олуттуу өсүшүнө алып келди. 2023-жылы сынактын жүрүшүндө салым кошо баштаган жаңы колдонуучулардын көпчүлүгү активдүү салым кошуучулар катарында калышты.[13]

WikiStipendiya негизинен Өзбекстандын батышындагы Каракалпакстан Республикасында негизинен каракалпак тилинде сүйлөөчү элдин википедиясынын жанданышына да салым кошкон. Каракалпакстандагы Википедия 2022-жылга чейин, узак убакыт бою активдүү эмес болчу. [14]

Мэриана Искандер менен Жимми Уэлстин видео кайрылуусу WikiStipendiya сыйлык тапшыруу аземинде көрсөтүлдү

Булактар түзөтүү

  1. "Wiki-стипендия" марафони эълон қилинди, Sof (16 May 2022). Архивировано из первоисточника 29 -июнь (кулжа) 2022. Текшерилген күнү 2 -июнь (кулжа) 2023.
  2. Активные редакторы узбекской Википедии смогут получить до 50 млн сумов, Gazeta (13 May 2022).
  3. “Вики Стипендия” лойиҳасининг 2-мавсумига старт берилди.
  4. Yoshlar ishlari agentligi "Eng namunali davlat tashkiloti" (Uzbek). Yoshlar ovozi (29 January 2023).
  5. WikiStipendiya marafoniga start berildi (14 May 2022). Архивировано из первоисточника 16 -май (бугу) 2022. Текшерилген күнү 2 -июнь (кулжа) 2023.
  6. WikiStipendiya marafoni yo'lga qo'yildi.. Namangan Engineering Construction Institute (11 May 2022). Текшерилген күнү 2 -июнь (кулжа) 2023. Түп булактан архивделген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2022.
  7. Диққат! Эндиликда айрим ёшларга 50 млн сўмгача пул берилади, Oin (15 May 2022).
  8. “Вики Стипендия” лойиҳасининг 2-мавсумига старт берилди.
  9. Активные редакторы узбекской Википедии получат до 50 млн сумов, Spot (13 May 2022).
  10. Марафон WikiStipendiya, Samarkandskiy vestnik (16 May 2022).
  11. Oʻzbekiston yoshlar ishlari agentligi hamda Axborot va ommaviy kommunikatsiyalar agentligi tomonidan WikiStipendiya marafoni yoʻlga qoʻyildi. Umumiy Mukofot jamgʻarmasi 320 million soʻm, Oliygoh (14 May 2022).
  12. AAkhmedovaWMF Meet @Nataev – long term Wikimedian from Central Asia (en-US). Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2023.
  13. User statistics - Wikiscan (en-US). Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2023.(жеткиликсиз шилтеме)
  14. User statistics - Wikiscan (en-US). Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2023.