Викимедиа фонду

коммерциялык эмес уюм
Wikimedia Foundation‎»‎ барагынан багытталды)

Викимедиа фонду (англ. Wikimedia Foundation, Inc., WMF, же жөн эле Wikimedia) — башкы штабы Калифорниянын Сан-Франциско жергесинде жайгашкан Американын коммерциялык эмес, кайрымдуулук уюму. Бул негизинен Викимедиа кыймылына катышканы менен белгилүү. Ал көптөгөн кыймыл долбоорлорунун интернеттеги домендик аталыштары менен Википедия сыяктуу сайттарга ээлик кылат. Фонд 2003-жылы Жимми Уэйлс тарабынан Википедия жана анын башка долбоорлорун каржылоо үчүн коммерциялык эмес максатта негизделген.

2015-жылга карата фонддо 280дөн ашык адам эмгектенип, бир жылдык кирешеси 75 млн АКШ долларынан ашкан. Кристоф Эннер башкаруучу кеңештин төрагасы болуп саналат. Кэтрин Мар 2016-жылдын март айынан бери аткаруучу мүдүрү болуп келет.

Максаты түзөтүү

Викимедиа фонду билдиргендей, алардын максаты ачык мазмунду, уикиге негизделген долбоорлорду иштеп чыгып көзөмөлдөө жана ошол долбоорлордун толук мазмунун коомчулукка акысыз камсыз кылуу. Фонддун дагы бир башкы максаты саясий коргоо болуп саналат.

Фонд 2005-жылы АКШнын Ички киреше кодекси тарабынан 501(с)(3) беренеси боюнча коомдук кайрымдуулук уюму катары макамга ээ болгон. Анын Улуттук салыктан бошотулган мекемелер (NTEE) коду B60 (Өспүрүм, Үзгүлтүксүз билим берүү) болуп саналат. Фонддун мыйзамдык актында билим берүүчү маалыматты топтоо жана өнүктүрүү, ошондой эле аны натыйжалуу түрдө дүйнө жүзүнө жайылтуу максаты бар экени жазылган.

Тарыхы түзөтүү

2001-жылы интернет ишкери Жимми Уэйлс менен онлайн коомчулук уюштуруучу, философия мугалими Ларри Сэнгер Nupedia'ны толуктоо үчүн интернет энциклопедия болгон Уикипедианы негиздешкен. Долбоор башында Уэйлстин коммерциялык бизнеси Bomis тарабынан каржыланган. Википедиянын популярдуулугу кескин түрдө өсүп кеткен соң долбоорду каржылоо үчүн киреше токтоп калган. Уикипедия Bomis'тин ресурстарын ашыкча пайдалангандыктан Уэйлс менен Сэнгер долбоорду каржылоо үчүн кайрымдуулук моделдин ойлонуштурушкан. Викимедиа фонду 2003-жылдын 20-июнунда Флоридада түптөлгөн. Ал «Wikipedia» соода белгисин катташ үчүн АКШнын Патенттер жана соода белгилери боюнча бюросунда 2004-жылы 14-сентябрда каттоодон өткөн. Белгиге 2006-жылы 10-январда каттоо макамы ыйгарылган. Соода белгисин коргоо 2004-жылы 16-декабрда Жапония, ал эми 2005-жылы 20-январда Европа биримдиги тарабынан берилген. Китептер же DVD'лер сыяктуу кээ бир продукциялар үчүн Уикипедия соода белгисин пайдалануу укугун киргизүү пландары дагы болгон.

"Wikimedia" деген аталыш wiki жана media деген сөздөрдөн куралган. Аны америкалык жазуучу Шелдон Рэмптон англиялык почта тизмесине 2003-жылы март айында пост жазганда колдонгон. Бул Уикшинэри Уэйлстин платформасында иштеген экинчи уикиге негизделген долбоордон үч ай өткөн соң болгон.

2005-жылы апрелде АКШнын Ички киреше кызматы бул фондду "Өспүрүм, Үзгүлтүксүз билим берүү" багыты боюнча ырастап, фондго түшкөн бардык салымдарды АКШнын федералдык салык жоболорунан бошоткон.

2006-жылы 11-декабрда фонддун кеңеши корпорация алдын ала пландалгандай мүчөлүк уюм боло албай турганын белгилеген, бирок Флориданын бекитилген мыйзамдарынын талаптарына жооп бербегенине байланыштуу эч качан ишке ашырган эмес. Ага ылайык, мыйзамдуу акттар мүчөлүк укуктар менен иш-чараларга болгон бардык шилтемелер алынып салынып өзгөртүлгөн. Актыларды өзгөртүү тууралуу чечим башкарма тарабынан бир добуштан кабыл алынган.

2007-жылы 25-сентябрда фонддун башкаруу кеңеши иш-аракеттер Сан-Франциско булуңуна көчүп кете турганы боюнча эскерткен. Сан-Францискону тандап алууга окшош пикирдеги уюмдардын, потенциалдык өнөктөштөрдүн, жакшыраак талант чөйрөсүнүн бар болушу жана ошондой эле Флориданын Сент-Питерсбергине караганда арзаныраак, ыңгайлуураак эл аралык саякат мүмкүнчүлүгү түрткү берген.

 
Кэтрин Мар.

Лила Третиков 2014-жылдын май айында Викимедиа фондунун аткаруучу директору болуп дайындалган. Ал 2016-жылы март айында кызматтан кеткен. Мурдагы байланыш кызматкери Кэтрин Мар убактылуу аткаруучу мүдүрү болуп иштеп, туруктуу кызматка 2016-жылы июнда дайындалган.

Шилтемелер түзөтүү