Xpeн, aчыргa (Armoracia) - өсүмдүктөрдүн кайчы гүлдүүлөр тукумунун уруусу.

Көп жылдык чөп. Жалбырагы ири, мөмөсү томпок саадак. Евразияда 3 түрү, КМШ өлкөлөрүндө жапайы 2 түрү таралган. Жер шарынын көпчүлүк бөлүгүндө, ошондой эле Кыргызстанда эгилме түрү өстүрүлөт. Элдик селекциядан чыккан Суздаль, Ростов, Латвия сорттору бар. Кадимки же кыштак Xpeнинин сабагы түз, бийиктиги 1 мдей, бутактуу. Түп жаккы жалбырагы сүйрү, жогоркулары тасма сымал ичке, жээги майда тишчелүү. Гүлү ак, жыттуу, топ гүлдүү, урук байлабайт. Тамыры менен жалбырагында минерал туздар (100 г кургатылган жалбыракта 7,9 мг натрий, 579 мг калий, 119 мг кальций, 36,8 мг магний, 2,03 мг темир, 0,14 мг жез, 70 мг фосфор, 212 мг күкүрт, 18,8 жг хлор, ошондой эле эфир майы, С витамини, лизоцим ферменти) бар. Курамында аллил майы, синигрин гликозиди болгондуктан, Xpeн жыттуу, даамы ачуу келип, тамакка табитти ачат. Каражама оорусуна, жашылча туздоодо колдонулат. X. суукка байымдуу өсүмдүк, кумдак, чополуу жерде жакшы өсөт. Тамырынан көбөйтүлөт. Тамак-ашка негизинен тамыры пайдаланылат. 1 га жерден 100-300 ц түшүм алынат. Негизги сорттору: Атлант, Валковский, Суздаль.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4