Ибраимов Осмонакун
Ибраимов Осмонакун - cынчы, адабиятчы, котормочу, мамлекеттик жана коомдук ишмер.
Осмонакун Ибраимов 1954-жылы 5-январда Кара-кулжа районундагы Алайку айылында туулган.
1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетин бүтүргөн.
1985-жылы филология илимдеринин кандидаттыгына,
1991-жылы илимдин докторлугуна илимий диссертациясын жактаган. Профессор (1994), Кыргыз УИАнын корреспондент-мүчөсү, бир канча универси-теттердин ардактуу доктору.
Эмгек жолун 1978-жылы Кара-Кулжа районундагы Алайку айылында орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1979-жылдан Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер,
1984-жылдан В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунун орус жана чет элдик адабияттар кафедрасында окутуучу, ага окутуучу,
1988-жылдан доцент,
1990-жылдан ага илимий кызматкер, кафедра башчысы,
1989-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы,
1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын бөлүм башчысы, пресс-катчы жана Президенттин 1-жардамчысы,
1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө вице-премьер министр,
1996–1999-жж. Индиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде атайын жана толук ыйгарымдуу элчи,
1998–1999-жж. Кыргыз Республикасынын бир эле мезгилде Бангладеш Элдик Республикасында, Непал Королчулугунда жана Шри-Ланка Демократиялуу Республикасында элчи.
1999–2000-жж. кайрадан Президенттин пресс-катчысы жана 1-жардамчысы,
2000–2005-жж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болгон.
2006-2014-жж. КРСУнун профессору жана Кыргыз-Турк Манас университетинин болум башчысы.
2018-жылдан бери Борбор Азия Пен–клубунун президенти.
О.Ибраимовдун адабий сын-макаларлары 1975-жылдан баштап жарыяланып келген. Жазуучунун биринчи адабий-сын макалалар жыйнагы 1983-жылы «Адабий классиканын азыркы өмүрү» деген ат менен китеп болуп чыккан. Саясат, мамлекеттик турмуш, тарых, эл аралык мамилелер боюнча көптөгөн макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарык көргөн. Учур маселелери боюнча публицистикага да көп кайрылган автор. Ал ошондой эле илимий жана көркөм котормо менен да алектенет. Ал тарабынан А.П.Чеховдун, К.Чуковскийдин, В.Астафьевдин А.Алексиндин ж.б. чыгармалары кыргыз тилине которулган.
1987-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. «Манас» орденинин ээси (2003).
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
түзөтүүКыргыз тилинде
Адабий классиканын азыркы өмүрү: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 108 б.
Көз караш: Сын китеби. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 128 б.
Орус тилинде
|
|
Москва, «Молодая гвардия» басмасы, ЖЗЛ сериясы |
||||
|
2018 | Астана, «Гылым» басмасы | ||||
|
2018 | Анкара, Турция 'Bengu’ басмасы | ||||
|
2019 | Киев, ФОП В.Л. Зеленский, 2019 | ||||
|
2019 | Москва, «Молодая гвардия» басмасы, ЖЗЛ сериясы | ||||
|
2019 | Бишкек, Турар басмасы | ||||
|
|
| ||||
|
2015 | Изд-во КРСУ | ||||
|
2013 | Изд-во КТМУ | ||||
|
2010 | Бишкек, «Улуу тоолор» | ||||
|
|
Алма-Ата, РК | ||||
|
Москва, «Международные отношения». | |||||
Русская литература в киргизских пепеводах (в соавт. М.А.Рудов) |
2009 | Изд-во КРСУ | ||||
История и Поэзия |
2003 | Бишкек, «Кыргызстан» | ||||
|
1992 | Бишкек, «Кыргызстан» | ||||
|
|
Фрунзе, «Илим» | ||||
КОТОРМОЛОРУ
түзөтүүМосквин Н. Я. След человека: Повесть. – Ф.: Мектеп. 1985. – 200 с.
Человек без середины. – Ф.: Кыргызстан, 1993. – 168 с.
Чуковский К. Чехов. – Ф.: Кыргызстан, 1988.