Кедейкан (эпос)

"Кедейкан"( эпос)‎»‎ барагынан багытталды)

“Кедейкан” – эпос. Кыргыздын эчен жолку оош-кыйыштуу күндөрдү башынан өткөргөн узак тарыхынын опурталдуу бир учурун камтыган эң көрүнүктүү эпостордун бири. “Кедейкандын” эки варианты бар. Бири 1938-ж. чыккан Калыктын айтуусундагы Токтогулдун варианты. Экинчиси, К. Мифтаков жазып алган А. Үсөнбаевдики. Эпос катары алда канча жогору турганы Калык айткан варианты. “Кедейкандын” композициялык түзүлүшү татаал, эпостун көркөмдүгү жогору, берчү идеясынын философиясы терең, сюжети абдан кызык. “Кедейканды” адабий, философиялык тарыхый, социологиялык этикалык, диний аспектиде талдоо керек. Анда негизги өзөктүү окуя бар. Бири томолой жетим калып, кордукту ченебей көргөн, Кедей атка конуп, кийин мээримдүү эне, ишеничтүү төрт жолдош таап, хан болгонго чейинки Керээздин баяны. Экинчиси, хан тагынан ажырап, үй-бүлөсү менен тентип кетип, тартпаган азабы калбай, акыры тагдырдын буйругу менен кайра бири-бирин табышкан Азимкан тууралуу баян. Чыгармада Кедейдин хан болушу эпостун негизин түзүп, окуядан окуяга өтүп чиеленип, бардыгы ошонун айланасында өтөт. Айтуучунун күчтүүлүгүнүн натыйжасында Кедейдин хан болгонго чейинки эволюциялык этаптары жана бул узак аралыктагы канча бир психологиялык мерчемдер, чыңалуулар эң ишенимдүү жүзөгө ашат. Кедей алдына койгон максаты бийик, талабы күчтүү, от жүрөк азамат болгон үчүн апасын азапка салган хан. Вазирин мууздап, башка жигиттерине кармалып, орго салынат. Кароолчу: “Ушундай дагы эр болобу, отуздай киши сабап жатса да, башы – көзүн жашырган жок. Кыпкызыл кан тулку боюнан агып турса да эч ичиркенбеди. Кайра “тирүү калсам каныңарды ичем” деп жулунуп атат” – деп таң калат. Бул эпизоддон Кедей эч кимден коркпогон тайманбастыгы, терисин тирүүлөй сыйрып жатса да кыңк этпеген карышкырдай көк жалдыгы, колунан эмне болсо келе турган эрдиги көрүнүп турат. Анан калса ал ким менен болсун тил табышып кете алат. Ошон үчүн ак эшенди өз эркине көндүрүп, Азимканды алдап, хан болот. Ушул эпизодду Калык:

Тактысынын үстүнө,
Таажысын берди башынан.
Таажы жөнүндө шып этип,
Сыймыгы учту кашынан – деп абдан жеткиликтүү таасын чагылдырган. Азимкан хан ордосунан чыкканда ага эли баягыдай салам бербейт, ал түгүл ага ызаат кылган жан жок. Багынан тайган адамдын басыгы да бузулуп, жылдызы түшүп, өзүнчө эле жансыз тартып, кудуретсиз болуп калгандыгы Гүлайымдын байкоосу менен таамай айтылат: “туйлады менин жүрөгүм, тирүү эмес сенин иреңи...” Бул эки сап ырда канчалык терең философия катылган. Дал ушул жерден мүнөздөр ачылып, образдар типтештирилет. Кедей эрки бек, айтканынан кайтпаган көк, максаты дайыма алдыда жүргөн, мүнөзү күчтүү адам болсо, Азимкан тектүү жерден чыккан, элине адил бийлик кылган, бир топ жакшы сапаттардан куру эмес болгону менен энөө, ишенчээк. Кедейди хандык такка отурушуна ашынган айлакерлигинин күчү, касиеттүү ак эшенди ортого сала коюп динди мыкты пайдалануусу, бөтөнчө Азимкандын мүнөзүнүн жумшактыгы себепчи болот. Азимкан тагын алдырып, ого бетер акылынан адашып, аялы Гүлайымды Кедейканга бермек болуп, балдары кул, өзү күң болчу эң эле сынаакы учурда да Гүлайым туура жыйынтыкка келет:

Мен кедейге тийгиче,
Кезигип калсаң күйгөнчө.
Балдарым – кул, сен-малай,
Сенделип тирүү жүргөнчө.
Каным, жүрү кетели,
Качып жүрүп өтөлү!
Аманат жандан кечели,
Алыска тентип кетели!

Жыйынтыктаганда, “Кедейкан” элдин ошондогу жашоо шарты, социологиялык абалы, ханы баш болуп калкынын карапайым, момундугу, динге берилгендиги, эл ичинен чыккан Кедейкан акылдуу, айлакер, шылуундарды ушундайдан пайдаланып кеткендиги сыяктуу орчундуу маселелер камтылып, мунун баары адам тамшанаарлык даражада, жогорку чеберчиликте, турмуштагыдай ишенимдүү, ары көркөм баяндалган. “Кедейкан” башка эпостордон ушул өңдүү өзүнө жекече таандык айырмачылык, өзгөчөлүктөрү менен оригиналдуу. Бар тарабынан мыкты чыккан күчтүү эпостордун бири болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү