Кыргызстан обондору, радио

"Кыргызстан обондору" радиосу‎»‎ барагынан багытталды)

"Кыргызстан обондору" радиосу

Кыргызстан Обондору- Дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу кыргыз тилиндеги радиостанция! Жаш жана активдүү адамдарга ылайыкталган заманбап, стилдүү радио. Угармандарына кыргыз тилиндеги саркеч хит ырларды сунуштайт. Эфирдин ар бир элементи - музыкалык программа, жаңылыктар же көңүл ачуучу программалар максаттуу аудиториянын форматына жана муктаждыктарына ылайык түзүлөт.

“Кыргызстан Обондору” радиосу 1999-жылы “Европа” медиатобунун колдоосу менен, алгачы жолу 24-январда эфирге чыккан. 25 жылдан бери кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошуп, сапаттуу кыргыз музыкасын жаңырткан өлкөдөгү алдыңкы радиостанция.

«Кыргызстан Обондору» өлкөдө эң чоң берүү аймагын камтыган коммерциялык радиостанция болуп эсептелет.

* 7 облус

* 31 шаар

* 460 калктуу пункт

Радиостанциянын угармандары

түзөтүү

Кыргызстан Обондору радиосунун потенциялдык аудиториясы 18 жаштан 45 жашка чейин. Өзөгү: 25-40

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдагы маалыматында - 4 067 000ден ашуун адам бул радиостанцияны угат.

 «Кыргызстан Обондору» өлкөдө эң чоң берүү аймагын камтыган коммерциялык радиостанция болуп эсептелет.
  • Бишкек жана Чүй облусунда (FM 106,5)
  • Ысык-Көл облусунда – (FM 87,9)
  • Ош жана Жалал-Абадда – (FM 106,5)
  • Талас облусунда – (FM 87,5)
  • Баткен облусунда – (FM 104,3)
  • Нарын облусунда – (FM 93,3)

"Кыргызстан Обондорундагы" программалар

түзөтүү
ЭРКЕ ТАҢ- Жаркын эмоцияларды камтыган, позитивдүү, уникалдуу таңкы шоу-программа. (Түрдүү оюндар, рубрикалары менен) Иш күндөрү 7:00-10:00
КЕРЕМЕТ ШОУ- Талкуу жараткан кызыктуу темалар, интерактивдүү оюндар менен коштолгон кечки шоу-программа. Иш күндөрү 17:00-19:00
Обон чат- Интерактивдүү күндүзгү шоу-программа. Иш күндөрү 14:00-15:00

"Жаңылыктар" кызматы

түзөтүү
 (Суткасына 11 жолу, 8:00дон 20:00го чейин) бул республиканын саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана спорттук турмушун объективдүү жана ыкчам чагылдыруу. Ошондой эле бизнестин, искусствонун жана илимдин жетишкендиктери туурасында жаңылыктар. 


"Кыргызстан Обондору" радиосунун сайты

түзөтүү

www.obondoru.kg -

  • Радиостанцияда болуп жаткан жаңылыктар,акциялар.
  • Шоу-бизнес жана спорттогу жаңылыктар.
  • Жаңы ыр жана жаңы клиптер
  • Шоу-программалардын үзүндүсү
  • Ди-джейлердин жеке баракчалары