"Манас" эпосундагы жаныбарлар дүйнөсү

"Манас" эпосундагы жаныбарлар дүйнөсү, фауна. "Манас" эпосунда кылымдарды басып өткөн кыргыз элинин тарыхы, дүйнөгө көз карашы, салт-санаасы жана башкалар толгон түшүнүктөрү менен катар табият таануу жаатындагы, анын ичинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү жөнүндөгү билимдери орун алган. Ошондой эле элдин чарбачылыгы жөнүндө да маалымат берилет. Эпосто каармандардан кийин түркүн жан-жаныбарларга көңүл көп бурулуп, адамдын жашоо тиричилигинде зор материалдык байлык болгон төрт түлүк малдан баштап, ар түркүн жапайы жан-жаныбарларга, түрдүү мифтик жандыктарга чейин учурайт. Үй жаныбарларынын ичинен жылкы өзгөчө мааниге ээ. Эпосто чагылдырылган жоокердик заманда "ат адамдын канаты" болуп, жылкы минерге унаа, жегенге эт, ичерге кымыз болгон. Ошондуктан, эпосто Аккула баштап баатырлардын көптөгөн тулпарлары жөнүндө айтылат, алардын сын-сыпаттары көркөм баяндалат. Жылкыга байланыштуу алардын жаш өзгөчөлүгүн, өңү-түсүн жана башкалар өзгөчөлүктөрүн туюнткан көп терминдерди жолуктурууга болот, ошондой эле ондогон тулпарлардын энчилүү аттары бар (к. Зоонимдер). Эпосто жылкы баласынан башка уй, топоз, кой, эчки, төө өңдүү төрт түлүк мал жөнүндө кеңири айтылат. Мисалы, Каныкейдин калыңына Жакып жылкыдан баштап төө, уй, кой, эчки кылып толгон мал айдап барат ( Сагымбай Орозбаковдун варианты). Манастын жортуулга чыкканда ок-дары жүктөп жүрө турган Желмаян төөсү бар. Бакай Манастын төөлөрүн кайтарып Семетей чоңоюп, Таласка кайрылып келгенче күтүп жүрөт (Саякбай Каралаевдин варианты ). Эшек, качыр, керик, көк-бука көбүнесе мифтик кейипкерлердин мине турган унаасы катары берилет (Маамытбектин Бозкачыр, Макел-Малгундун Бозкерик, Мадыкандын Көк-Бука жана башкалар) Ошондой эле адамдардын илгертеден ишенимдүү досу ит жана ит төрөсү Кумайык жөнүндө да айтылат. Чыгарманын каармандары ит агытып, куш салышат. Башкы каарман Манастын өзүнө таандык, күчүк кезинде таап алып, Каныкейге бактырган Кумайыгы бар.

Эпосто ошондой эле жапайы айбанаттар жөнүндө да кеңири жана түрдүү кырдаалда баяндалат. Кайберендер тууралуу көбүнчө каармандар көңүл ачып, салбырынга чыкканда аңчылыктын объектиси катары сөз болот. Эпосто кийикке (аркар, кулжа, бугу, марал жана башкалар) мергенчилик кылышат. Каармандар жашаган, көргөн жерлер аларды мекендеген жан-жаныбары, кайберендери менен кооз экендиги айтылат ("Будурунда бугу бар", "Адырдан аркар куюлуп"). Мекендеген кайберендин көптүгүнөн ошонун аты менен аталып калган топонимдер да учурайт. Мисалы, Кара-Кулжа. Ал эми манасчы лар куланды көбүнчө тулпарлардын күлүктүгүн мүнөздөө үчүн колдонуп, "куланды кууса куткарбас" деген туруктуу ыр сабы менен беришет. Эпосто арстан, бөрү, көк жал, шер, кабылан, жолборс жана башкалар жырткыч айбандар да кеңири сүрөттөлөт. Алар көбүнчө "Манаста" баатырларга көркөм каражат катары колдонулуп алардын эрдигин, балбандыгын, тайманбастыгын белгилөө үчүн (Арстан Манас, Көк жал эр, Шер Манас жана башкалар), ошондой эле эпосто Манастын кай бир колдоочулары да жырткыч жаныбарлар: көсөө куйрук көк жал бөрү коштоп, кара чаар кабылан капталында чамынып, жолборс менен арстан аны жандап жүрөт. Бул жаныбарлар символ катары кабыл алынган учурлар да бар. Төрөй турган аял шердин, жолборстун жүрөгүнө талгак болушу келечекте баатыр болчу баланын туула тургандыгынын жышааны (Чыйырды Манасты. Арууке Күлчорону төрөрдө). Эпосто Ажайыпкана, анда багытталган жолборс, тайбас, арстан, кабылан, шер өңдүү көптөгөн жырткыч айбанаттар туурасында да айтылат (к. Ажайыпкана). Эпосто парандалардын түркүн түрлөрү, алгыр куштардан суу куштарга, булбулдан таранчыга чейин бар. Парандалардан алгыр куштар өзгөчөлөнүп, каармандарды, окуяларды сүрөттөөдө салыштыруу, эпитет өңдүү көркөм каражаттарды түзүүдө пайдаланылат (к. Алгыр куштар). Булбул, тоту, күкүк, торгой, улар, бөдөнө, кыргоол, үкү, каркыра, турна, куркулдай, карга, жору, кузгун, сагызган, таан жана башкалар көптөгөн ар кандай канаттуулар, ошондой эле каз, өрдөк, чүрөк, аккуу жана башкалар суу куштары жөнүндө да айтылат. Мунун ичинде аккуу өзгөчөлөнүп турат. "Семетейдеги" негизги каармандардын бири Айчүрөк керек учурда аккуу болуп кубулуп уча алат. Булардан башка түрдүү жыландар, бака, суудагы балыктар, түркүн курт-кумурскалар, чымын-чиркейлер жөнүндө да айтылат. Эпосто мифтик-жомоктук жандар да көп учурап, чыгарманын мазмунуна дагы бир өзгөчө түс киргизип турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4