"Манас" эпосундагы кытай этноними

"Манас" эпосундагы кытай этнонимиэтноним. «Манас» эпосунун бардык варианттарында кыргыздардын жана коңшу элдердин эң башкы душманы катарында баяндалат. 10—12-кылымда Борбор Азияда түзүлгөн кара кытайлар мамлекетинен кийин, орто азиялыктар бул территорияда жашаган бардык элди жалпысынан «кытайлар» деп атап келишкен. 18-кылымдын ортосунда Кытайдагы Манжурия (Цин) сулалеси Чыгыш Түркстанды басып алып, өзүнүн үстөмдүгүн жүргүзө баштаганы белгилүү. Ушул мезгилден баштап жергиликтүү элдер (уйгур, казак, кыргыз, тажик жана башкалар) менен бирге коңшу элдер (өзбек, кыргыз, казак, ооган, тажик жана башка) да биргелешип манжу - кытай баскынчыларына каршы боштондук үчүн күрөш жүргүзүп келген. Чыгыш Түркстандагы кылымдар бою жүргүзүлүп келген бул боштондук көтөрүлүштөр «Манас» эпосунун , тарыхый өнүгүшүнө түздөн-түз өбөлгө болуп, акыркы тарыхый катмар катарында эпикалык мыйзамга ылайык чагылды. Ошентип, 18-кылымдын экинчи жарымынан кийин эпоско мурунку эпикалык душмандар (кара кытай, солон, шибе, калмак жана башкалар) менен катар К. «манжу-кытай», «кытай» деген этнонимдер да параллель колдонула баштаган. «Манас» эпосунда К. деген этнографиялык термин үч мааниде колдонулат. 1) Кытай мамлекети, 2) Кытай өлкөсү, 3) Кытай эли. Ошондой эле К. деген термин ар башка тилдерден өздөштүрүлгөн: бакбурчун, чынмачын, каканчын деген терминдер менен да синонимдик мааниде колдонулат. Эпикалык тексттерде көп учурда «Кытай өлкөсү», «Кытай эли» деген түшүнүктөрдө айтылат. Кытайдын борбор шаары Бейцзин (эпосто Бээжин) деген географиялык термин да «Кытай өлкөсү» деген жалпы мааниде синонимдик милдетти аткарат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4