"Манас" эпосунун стили — жекече чыгармачылыктын өсүп-өнүгүшүндөгү автордун өзүнө таандык почерктин бөтөнчөлүгүн көрсөтүүчү сөз өнөрү. Ар бир адамдын өз алдынча чыгармачылык өнөрдө турмушту образдуу жалпылаштырып, көркөм чындыкка айландырып, көркөм образ аркылуу ачып берүү өзгөчөлүгү мазмун менен форманын негизги принциптерин өз ичине камтыган усулдук багыт. "Манас" эпосунун стилдик бөтөнчөлүгү, анын эпикалык сюжетиндеги композициялык курулушу, образдардын мүнөздүк өзгөчөлүктөрү, көркөм поэтикалык каражаттары жана ыр түзүлүш маселелеринин жыйындысы.

Эпостук чыгармалар алган багыты, композициялык курулушу, баяндоо жолу, тарыхый шарты, образдардын сүрөттөлүү ыктары, сюжеттин өнүгүшү-өөрчүтүлүшү жана башкалар көркөм компоненттеринин, окуялар өткөн мезгилдердин берилиши башка жанрдагы адабий чыгармалардан айырмаланып турат. "Манас" эпосунун сюжеттик өзөгүндө элдин тынчтык мезгилиндеги байкерчилик турмушу (к. Идиллия) каада-салты, этнографиясы, этикасы, эпостун байыркылыгын мүнөздөөчү мифтер, уламыштар, көөнө мотивдер бар. Укумдан тукумга өтүп, оозеки айтылып келген эпостун тутумунан орун алган "макал, ылакаптар, ар түрдүү лирикалык, какшык, санат ырлар, жөө жомоктор, поэтикалык узак жомоктор... элдин нечен кылымдардан берки чыгармачылык тажрыйбасынын натыйжасы болуп саналат" (Б. Юнусалиев). Борбордук каарман Манастын өмүрү, иш-аракети негизги сюжеттик өзөк болуп, улам жаңы окуяларды кошуп алып отурган. Эпостун стилдик мазмунун баатырдык мүнөзүндөгү окуялар түзөт.

Айтуучулар көп учурларда сүрөттөлүп жаткан окуянын сырткы элестик көрүнүшүнө көбүрөөк көңүл бурат. Бул айтылып жаткан окуянын кызыктуулугун, эпикалык предметтердин элестүүлүгүн арттыруу менен угуучунун поэтикалык сезимин козгойт. Эпостун варианттарынын сюжеттик курулушундагы жалпылык жана айырмачылыктан сырткары поэтикалык жана стилистикалык мүнөздөгү өзгөчөлүктөр жана жалпылык да бар. Ошондой эле аларда окуялардын өнүгүшү да ар кыл. Бир манасчыда айрым окуялар өзүнчө сюжеттик конструкцияга ээ эпизод катары айтылса, экинчи бир манасчыда композициялык жактан башкача курулат да, окуялар арасында сиңирилип, өзүнчө мүнөздөмө берилүү аркылуу баяндоо формасына ээ болот. Мисалы, Алмамбет, Чубак, Сайкалга байланыштуу окуялар, кыргыздардын чабылышы жана башкалар

"Манас" эпосундагы каармандарды мүнөздөөдө жана образдарды ачып берүүдөгү башкы факторлордун бири болуп композиция эсептелинет. Анткени, эпикалык баяндоо, монолог, диалог, портрет, пейзажды сүрөттөө сыяктуу композициянын компоненттери каармандардын мүнөзүн, руханий сапатын ачууга шарт түзүп, каармандардын ички монологдорунда, баатырдык күрөштөрүндө, алардын өз ара карым-катыштарында, оң каарман менен терс каармандардын ортосундагы мамилелеринде, алардын ортосундагы карама-каршылыктарда каармандардын мүнөздөрү улам терең ачылып, инсандык сапаттары айкындалат. Драмалык коллизиялар, каармандын ички дүйнөсүн ачып берүүчү монолог, диалог психологиялык аспектиде берилет. Көркөм көрүнүш катары булардын бардыгы тең турмуштук жана көркөмдүк жактан мотивделип, эпостун композициясын түзгөн эпизоддорго, образдарга, темага, идеяга жана сюжетине баш ийдирилет.

"Манас" эпосу эзелден келе жаткан салттуу стилистикалык каражаттарга бай. Каармандардын образдарын ачууда, портреттик элестерин тартууда, иш-аракеттерин, баатырдык жүрүштөрүн көрсөтүүдө, психологиялык абалдарын берүүдө эпосто салыштыруу, эпитет, метафора, гипербола, гротеск жана башкалар поэтикалык каражаттардын алган орду чоң. Мындай көркөм каражаттарды кеңири пайдалануу менен манасчы жүрүп жаткан окуядагы жалпы эпикалык орундарды жана клишелерди, баатырдын курал-жарагын, тулпарын, баатырдык жүрүшүн, жекеме-жеке карашын жана башкалар эпикалык аракеттерин ачып берет.

Булардан сырткары эпикалык ыр системасынын формалары болгон ыр саптарынын муун түзүлүштөрү, строфа, параллелизм менен ар кандай тыбыштык өзгөчөлүктөрдүн негизинде түзүлүүчү аллитерация, ассонанс, анафора да эпостук стилдин мүнөздүү белгилеринен болуп саналат. Бардык варианттарда жогоруда эскерилген көркөм компоненттердин бар экендигине ылайык эпостун ар бир варианты өзүнчө стилдик өзгөчөлүктөргө ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4