Кыргыздардын эпикалык чыгармаларынын туу чокусу болгон "Манас" эпосунда кыргыздардын көп кылымдык тарыхы, көз караштары, ой-максаттары, келечекке умтулуусу жана башкалар чагылдырылган. Албетте, көп кылымдык өнүгүү жолунда «Манас» эпосунун тили белгилүү бир деңгээлде нормага салынган, туруктуу сөз айкаштары, клишелер, архаизмдер, историзмдер, көркөм троптун түрлөрү түзүлгөн, ошондой эле эпостун тилин, бир жагынан, кадимки тилден, экинчи жагынан, тилдин диалектилеринен айырмалаган эпостун өзүнө гана мүнөздүү айрым грамматикалык жана фонетикалык өзгөчөлүктөр пайда болгон. Ошондуктан «Манас» эпосунун тили диалектилерди, негизги тилдин өзүн жалпы камтыгандыктан ал элдин улут болуп калыптанган учурундагы тилинин диалектисине да, күнүмдүк тиричиликте колдонулуучу тилге да, адабий-жазма тилге да окшобогон, кыргыздардын улут болгонго чейинки оозеки адабий тили болуп эсептелет. Эпостун тилинин жалпы диалектилерди камтыгандыгы анын лексикасынан, фонетикасынан, морфологиясынан жана синтаксисинен көрүнүп турат. «Манастын» тилинин жалпы диалектилерди камтыгандыгынын башкы белгилеринин бири — бул анын көркөм иштелип чыккандыгы. Ал баарыдан мурда туруктуу формулаларда, салттык үлгүлөрдө берилет. Иштелип бүткөн көркөм формулалар эпосто бир окуя менен экинчи окуяны байланыштырып, мурунку окуядан жыйынтык чыгарылып, башталуучу жаңы окуяга угуучулардын көңүлүн буруп, кызыгуусун күчөтүүдө колдонулат: «Муну мындай таштайлы Эми Манастан кабар баштайлы»; «Аны ошо жерге таштаңыз, Айдаркан уулу Көкчөнүн Аңгемесин баштаңыз»; «Бул сөздү таштап салалы Кара кандын Каныкей Кайрылып кабар алалы». Ар кандай окуяларды сыпаттоодо пайдалануучу формулалар да көп учурайт.

Балтыр этиң толо элек
Балбан кезиң боло элек.
Канаттын баары кайрылып,
Чапандын баары айрылып,
Этектин баары түгөнүп,
Эриндин баары кесилип,
Эмчектин баары эзилип.

Бул өңдүү көп колдонулуучу үлгүлөрдү манасчылар эпостун мазмунуна, жаңы кырдаалга карай өркүндөтүп колдоно беришет. Даяр формулаларды чыгарманын ар кайсы каармандарынын кебете-кешпирин, мүнөзүн (мисалы, өңүн, башынын түзүлүшүн, турпатын, кийимин, чыдамкайлыгын, эрдигин, кайраттуулугун, айкөлдүгүн, күчүн жана башкалар), жоого минген атын жана курал-жарагын, согуштарды жана баатырлардын жекеме-жеке кармаштарын, душмандарды салгылаш болгон жерлерди, душмандарды (мисалы, душмандын турпатын, анын күчүн, шамдагайлыгын, куулугун, жоого минүүчү атынын жабдыктарын жана курал-жарагын сыпаттоодо), табият кубулуштарын, буюм-тайымдарды жана абстракттуу түшүнүктөрдү сүрөттөөдө колдонушкан. Ар бир окуяга тийиштүү туруктуу атайын формулалар болот. Бул айрыкча эпостун башкы жана негизги каармандарына жана алардын аттарына, жоо-жарактарына тиешелүү:

Манас:
Алтын менен күмүштүн
Ширөөсүнөн бүткөндөй,
Асман менен жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй,
Айың менен күнүңдүн
Бир өзүнөн бүткөндөй,
Алды калың кара жер
Манаска жердигинен түткөндөй.

Манастын Аккелтеси:
Алыска-жуук айныбас,
Ыраакы-жакын ылгабас,
Ортосу болот, оозу албарс
Түтүнү туман, түбү Ыспан
Кароолу дажал, огу ажал.

Төштүк:
Тогуз уулдун кенжеси,
Элемандын эркеси.

Жолой:
Атасы бар, бата жок.
Айтканы бар, ката жок,
Энеси бар нике жок.
Элде мындай бөкө жок.

же:
Алты батман буудай жеп,
Дан жыттанган чоң Жолой.
Алтымыш алпты өлтүрүп,
Кан жыттанган чоң Жолой.

Коңурбай:
Кебез белбоо, кең өтүк
Кечилдин каны Коңурбай.

Чубак:
Алышса адамдын күчү жетпеген,
Арстандын тиши өтпөгөн,
Акбалтанын Чубагы
Арстандын бири бу дагы.

Ырчыуул:
Бирөө Ырамандын Ырчы уул
Ычкыры түпөк, кырк муундуу
Тебетейи чоктуу кул,
Айтарга сөзү шоктуу кул.

Мындай даяр формулалар «Манаста» өтө көп жана лексикалык тутуму, синтаксистик курулушу боюнча ар түрдүү. Алардын тутумунда көөнө бирдиктерди камтыган өзүнчө сөз топтомдору болуп, эпостун тилин өзгөчө стилге салып турат. Кээде жалаң архаизмдерден турган формулалар да кездешет. Алардын маанисин контексттен бөлүп кароого болбойт, бирок алар көп учурда контекстте да анчалык түшүнүктүү эмес, ал эми кай бирлеринин мааниси таптакыр эле түшүнүксүз бойдон калат. Мындай туруктуу формулаларга өзгөрбөстүк, көтөрүңкү стиль, эмоциялуу таасирдүүлүк, образдуулук, метафоралуулук, обондун биримдиги мүнөздүү жана алар көп учурда кадимки сүйлөм формасына сыйбаган синтаксистик бир бүтүндүктү түзөт. Мындай өзгөчөлүктөр диалектиге, кадимки тилге мүнөздүү эмес жана эпостун тилинин иштелип чыккандыгын, жалпы диалектилерге мүнөздүү экендигин көрсөтөт. «Манас» эпосунун тили абдан формулалуу келгени менен эпосту бүтүн бойдон эпикалык туруктуу формулалардан турат деп айтууга болбойт. «Манастын» тилиндеги туруктуу формулалардын көптүгү анын жакшы иштелип чыккандыгын, көөнөлүгүн гана көрсөтөт. Бир эле формуланын пайда болушу үчүн узак убакыт керек жана ал көптөгөн манасчылардын элегинен өтүүгө тийиш. «Манаста» мындай формулалардын көптүгү — эпостун тили көп кылымдар бою жакшыртылып, калыптанып келгендигинин күбөсү.

«Манастын» тилинин поэтикалык формасы да анын иштелип чыккандыгын, жакшыртылгандыгын кандайдыр бир деңгээлде белгилейт. Анын лексикасындагы мындай иштелип чыгуу метафора, эпитет, салыштыруу, образдуу көркөм сөз айкаштары сыяктуу эпикалык баяндоонун салтанаттуу жана жалпыланган стилине таандык таасирдүү, эмоциялуу, экспрессиялуу каражаттарды ылгап алуу жолу менен жүзөгө ашырылган. Мисалы, эпостун тилиндеги эпитеттер: айкөл, канкор, баатыр (Манас жөнүндө); калча, аяр, куу (Коңурбай жөнүндө); арстан, жолборс, кабылан, сырттан жана башкалар; мүнөздөмө эпитеттер: алышса адамдын күчү жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн (Чубак); атка жеңил, тайга чак, уйкусу жок, жолго сак (Сыргак); кырктын башы Кыргылчал, кылымды бузган даңгыл чал (Кыргылчал); салыштыруу улар: «балтыры өгүз белиндей, ачыккан көк жал бөрүдөй, күзгү кирген жолборстой, кышкы кирген буурадай жана башкалар; метафоралар: кырк жолборс түпкө жетти деп; барбана болду башына; көздөн жалын шыркырап; жолборс жүрөк, таш билек; тула бою ок болуп, толкуну кызыл чок болуп; балапан жүнү бата элек, балтыр эти ката элек жана башкалар; гиперболалар: мурду тоонун сеңирдей, булчуңу бука белиндей; жан казандай башы бар, жаткан иттей кашы бар; каалгадай кашка тиш; чечекейи челектей жана башкалар Булардын баары «Манастын» тилинде зор роль ойноп, аны байытып, таасирдүү, ийкемдүү жана уккулуктуу кылып, эпостун тилин оозеки тилден, диалектилерден, адабий жазма тилден айырмалап турат. Эпостогу өтө көп мындай туруктуу формулалар узак мезгил бою көптөгөн таланттуу манасчылардын аракети менен түзүлүп, салт катары укумдан тукумга өтүп келген. «Манас» эпосунун тили диалект эмес, жалпы элдик тил экендиги анын лексикасындагы архаизмдер менен историзмдерден, ошондой эле моңгол, араб, иран, кытай тилдеринен өздөштүрүлгөн сөздөрдөн байкалат; мисалы, көңкү, көй, атпай (эл жөнүндө), бөкө, бичик (эпосто), даңза (бичиктин синоними), мырдар, апсана, бакар, абыгый (улуу кишиге карата кайрылуу), алаткак (эпосто), жайсаң, жаң-жуң, зардал, дуу-дуу, чый-тай, тый-тай, суң-дуң, жесет, иеп, какай, кыяк, кете, селебе, карыпчы (ийинге кийгизилет), шыгай, себил, чаркөө, чыңыроон, мар, тууш, сурайыл, лаанат-манат жана башкалар. Бул сөздөрдүн көпчүлүгү «Манас» эпосунда гана бар, кээ бир сөздөр айрым диалектилерде сакталып калган. Жогорку сөздөрдүн бардыгы кыргыздын оозеки тилинде колдонулбайт же өтө сейрек айтылат. Булар «Манастын» тилине оозеки тилдин диалектилерине да, адабий жазма тилге да окшобогон өзүнчө бир көөнө түр берет.

Ар бир манасчы эпосту өзүнүн диалектисинде айткандыгы белгилүү, ошондуктан «Манастын» тилинде аны аймактык диалектилерге жакындаткан белгилер да бар. Бирок, мындан эпостун тили диалектикалык тил менен катар турат деп айтууга болбойт. «Манас» эпосунун тили кандайдыр бир диалекти менен чектелип калбайт; ал кыргыз тилинин бардык диалектилеринин, түрдүү тилдик белгилеринин жыйындысы болуп эсептелет. Бул эки багытта ишке ашкан; 1) чакан аймактын, диалектинин фонетикалык, морфологиялык жана лексикалык белгилерин колдонбоо; бул көп учурда ар кандай аймактардын диалектилик белгилеринин биригишине алып келген, 2) эпостун жанрдык өзгөчөлүгү менен шартталган функциялык-стилдик обочолонуунун натыйжасында эпостун тилинде ар түрдүү диалектилердин белгилерин тандап колдонуу. Ошентип, «Манас» эпосунун тили төмөнкүдөй диалектилик белгилерди камтыйт.

Фонетикада. Сөз башында жумшак эринчил «б» тыбышынын ордуна каткалаң эринчил «п» тыбышынын же тескерисинче «п» тыбышынын ордуна «б» тыбышынын колдонулушу:

1) Пастады биздин арбак деп.
2) Паашасы айткан буйругун.
3) Алтымыш кабат пактада.
4) Дүкөндөн өрттөп пулдарын.
5) Жанчышып пенде жеңбеген.
6) Адил бааша тагы үчүн.
7) Пар жастык коюп башына.
8) Бастан келген төрт бурут.
9) Банар алып келишти.
10) Өзүңдөн бөлөк баана жок.

Сөз башында каткалаң эринчил «п» тыбышынын колдонулушу тилдин түш. говорлоруна мүнөздүү. Ал эми түн. говорлорго каткалаң эринчил «п» тыбышынын ордуна жумшак «б» тыбышы колдонулат. Сөз башында «п», «б» тыбыштарынын ордуна эринчил-мурунчул «м» тыбышынын колдонулушу ысык-көл говоруна мүнөздүү:

1) Мааналарга итим жок.
2) Бешөө деди мерзентим.

Өздөштүрүлгөн сөздөрдөгү эрин-тишчил «в» «ф» тыбыштарынын ордуна жумшак эринчил «б» тыбышынын айтылышы түндүк говорлорго мүнөздүү диалектилик белги болуп эсептелет:

1) Барганадан кыз таппай.
2) Олтурду Кошой борумдуу.
3) Баш убазир жакыны.

Каткалаң уччул «с» жана «з» фонемаларынын колдонулушунда диалектилик белгилердин аралашып кеткенин байкоого болот.

1) Тас карды кетти жарылып.
2) Кесенип көзүн салыптыр.
3) Азирейил түзү бар.
4) Азелкан деп атаган.

«С» жана «з» фонемалары кыргыз диалектилеринде ар түрдүүчө колдонулат. Бир жерде (Ысык-Көлдө) «с» тыбышынын ордуна «з», башка бир жерде (Чүйдө) тескерисинче айтылат. Б. М. Юнусалиев «з» фонемасынын колдонулуш белгилерине карата кыргыз говорлорун төрт топко бөлгөн. Анын пикири боюнча «с» жана «з» фонемалары түштүк-чыгыш (түндүк-батыш говорлорунан тышкары) жана түштүк-батыш диалектилеринде гана туура колдонулат. «Манастын» тилинде «с» жана «з» фонемаларынын ар кандай орун алмашылып айтылышы менен катар эле алардын туура колдонулушу да кезигет.

Түштүк-батыш диалектиге жана түндүк диалектинин талас говоруна эринчил дифтонгдор мүнөздүү. «Манастын» тилинде дифтонгдордун бар экендигин Б. М. Юнусалиев да белгилеген:

1) Бектеринен бешөөнү.
2) Энеден не үчүн тувамын,
Эрлердин жолун кувамын.
Эс алып кантип сувамын.

Кээде түндүк диалектиге мүнөздүү эмес түпчүл үндүү «а» фонемасы колдонулган учурлар сейрек болсо да кездешет:

1) Бастан келген төрт бурут,
2) Катта черүү кол болуп.
3) Аста-аста эр Бакай Ар бир сөздү сүйлөдү.
4) Катта-кичик карыңар.

Морфологияда: Барыш жөндөмөсүндөгү «сага», «мага», «ага» өздүк ат атоочторунун «даа», «маа», «аа» түрүндө кыскартылып колдонулган учурлары бар:

1) Эгер келбей койбойт саа деди.
2) Жолдош кошуп берсең маа.
3) Кашында жүрөт аа кошо.

Өздүк ат атоочтордун кыскартылып айтылышы түндүк говорлорго мүнөздүү болсо, ал эми манасчылар көп пайдаланган «ол», «олор», «саган» өздүк ат атоочтору түштүк говорлорго мүнөздүү.

1) Келсин деди олорду.
2) Ол жамбыдан түңүлүп.
3) Мен да жардам саган деп.

Кыязы, бул ат атоочтор байыркы убакта кыргыз тилинин бардык говорлорунда колдонулса керек. «Ошол», «ушул», «ушу», «ошондо», «ушунда» жана ушундай сыяктуу шилтеме ат атоочтор түштүк говорлордо башындагы үндүү тыбыштары түшүп айтылат. Түндүк диалектиде жана адабий тилде алар тескерисинче, сөз башында үндүү тыбыш менен айтылат. «Манас» эпосунун тилинде ушул эки түрү тең учурайт:

1) Байжигит шондо көп айтат.
2) Көрөр күнүң шол болот.
3) Арзысаң Жакып баргын шоо.
4) Ошондо баатыр Манасың.

Түштүк диалектиге таандык «энди» деген тактооч да диалектилик өзгөчүлүккө ээ:

1) Энди үйүңө кет деди.
2) Энди Ошпурга кеп айтат.

Эпостун тилинде «жат» жана «бар» жардамчы этиштерине уланган сөз өзгөртүүчү -ыр мүчөсүнүн жардамы менен түзүлгөн этиштин учур чагы сейрек болсо да кезигет:

1) Жабыла качып баратыр.
2) Билгенин кылып жатыр деп.
3) Өлтүргөнү жатыр бизди деп.

Мындай өзгөчөлүк түндүктө талас жана теңиртоо (тянь-шань) ал эми түштүктө ала-бука, жаңы-жол, чаткал говорлоруна мүнөздүү. Синтаксисте. Эпостун тилинин синтаксиси да оозеки тилдин, диалектилик синтаксисинен олуттуу түзүлүш белгилери боюнча айырмаланат. «Манас» эпосунун өзгөчө жашоо формасы сүйлөмдүн түзүлүшүнүн синтаксистик өзгөчө принциптерин талап кылган. Эпостун тилинде кыска сүйлөмдөр менен катар эле абдан кеңири синтаксистик түзүлүштөр да бар. Мындай синтаксистик түзүлүштөр синтаксистик жактан бир бүтүндүктү — грамматикалык жактан жалпы ыргактагы бүткөн же бүтпөгөн бир нече сүйлөмдү бириктирген өзгөчө моделди түзүп турат. Мисалы:

Аккула менен болкоюп,
Найзасы колдо койкоюп,
Наакери бутта чойкоюп,
Кылычы белде кыңгырап,
Айбалта жанда шыңгырап,
Найзасы колдо зыңгырап
Аккелте жондо жаркылдап,
Ак асаба, сур желек,
Найзасында жалпылдап
Ак шумкар куштай баркылдап
Майданга баатыр барганы.

Мындай синтаксистик түзүлүштөр кээде жыйырмадан ашуун ыр саптарын бириктирет. Мындан тышкары, эпостун тилинин синтаксисине ар кандай анафоралуу жана эпифоралуу сүйлөмдөр, синтаксистик паралеллизмдер, лексика-морфологиялык жана синтаксистик кайталоолор, атоочтук жана чакчыл түрмөктөрдүн, киринди сүйлөмдөрдүн тизмеги, айрым учурда адаттан тыш айкалыштан турган туруктуу сөз түрмөктөрү мүнөздүү. Мындай көрүнүштөр оозеки речте, тилдик диалектилерде учурабайт. Ошентип, «Манас» эпосунун тили кыргыздардын бардык диалектилерин камтыган эски оозеки адабий тили болуп эсептелет. Ал белгилүү бир калыпка түшүп, иштелип чыккан жана жакшыртылган. Бул анын лексикасында, морфологиясында, синтаксисинде түрдүү диалектилик белгилерди бириктирип, аймактык жактан чектелбегендигинен, ошондой эле анын колдонулушунан байкалат. Ал бардык диалектилерди бириктирип, оозеки адабий тил катары кыргыздардын сөз маданиятында маанилүү роль ойноп, ар түрдүү диалектилик айырмачылыктарды жакындатып, жалпы элдик тилдин негизинде грамматикалык жалпы бир норманы иштеп чыгып улуттук жазма адабий тилдин калыптанышына негиз түзгөн.

Манжу, Манжуу алп — эпизоддук кейипкер. Маңдайы темир алп, дөө. Жолой менен Дөңгөнү баш кылып Манасты кармап келүүгө он миң кол атказган Эсенкан Жолойдун балбандыгын айтып, ал багындырган беш дөөнүн бири М. алп экенин эскерет (Саякбай Каралаев,1. 80). Манжу этнониминен эпоско кирип, эпикалык кейипкердин ысымына айланган, к. Китен алп.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4