"Манас" эпосу боюнча союздук симпозиум

"Манас" эпосу боюнча союздук симпозиум — 1989 ж. Бүткүл союздук V түркология конференциясынын чегинде "Манас" эпосуна арналып өткөрүлгөн атайын илимий жыйын. 1988-жылдын 9-сентябрында Фрунзе шаарында өткөн. Жетекчилери: Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги И. Т. Айтматов (төрага), СССР Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Э. Р. Тенишев, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын вицепрезиденти Т. Койчуев, Кыргыз ССР ТАИнин директору А. Эркебаев жана филология илимдеринин кандидаты С. Кайыпов — катчы. Сга "Манас" эпосуна тиешелүү илимий докладдар жана билдирүүлөр менен 44 окумуштуу катышкан. С-дун ачылышында республиканын булуң-бурчтарынан келген манасчылар улуу эпостон үзүндүлөр айтышып, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисттери кыргыздын кошок кошуу расмисин инсценировкалашкан. Пленардык кеңешмеде филологиялык илимдеринин кандидаты С. Мусаев ("Манас" эпосун үйрөнүүнүн абалы жана келечеги), Р. 3. Кыдырбаева ("Манас" эпосунун түзүлүш-курулуш маселесине карата), тарых илимдеринин доктору Ө. Караев ("Манас" эпосу жаралган доор), С. Кайыпов ("Манаска" текстологиялык изилдөө жүргүзүү маселелери); Ж. Бөкөшев ("Манас" эпосундагы аалам модели), тарых илимдеринин кандидаты И. Б. Молдобаевдердин ("Манас" эпосун ар тараптуу изилдөө маселелери) докладдары угулуп, калган 38 доклад, билдирүүлөр тематикалык секцияларда угулган. Биринчи секция "Манас" эпосунун историзмы, поэтикалык жана "Манас" айтуу салты маселелери" деп аталып, анда филология илимдеринин докторлору Р. 3. Кыдырбаева, М. Борбугулов, тарых илимдеринин доктору Ю. С. Худяков, илим кандидаттары, окумуштуулар Т. Абдыра кунов, Э. Абдылдаев, М. Ч. Мамыров, Б. Кебекова, К. Кырбашев, А. Жайнакова, Р. Сарыпбеков, К. Ботояров, Д. М. Айдаровалар чыгып сүйлөгөн. Экинчи секция "Манас" эпосу тарыхый-этнографиялык жана лингвистикалык булак" деп аталып, анда илимдин кандидаттары, окумуштуулар И. Б. Молдобаев, Ш. Б. Акмолдоева, М. Койгелдиев, Ш. Жапаров, К. Конкобаев, Р. Эгембердиев, И. Абдувалиев, Г. Жумакунова, А. Шериев, Р. А. Байбутова, Р. Көчөров, Г. Кушбековалар доклад, билдирүүлөр менен чыгышкан. Үчүнчү секция "Манас" эпосу менен башка элдер эпосторунун байланышы" деп аталып, анда филология илимдеринин докторлору Р. Бердибаев, М. Мурадов, К. Максетов, илимдин кандидаттары, окумуштуулар Ф. В. Ахметова, К. Айдаркулов, А. Боронов, К. Садыковдор доклад, билдирүүлөр менен чыгып сүйлөшкөн. Төртүнчү секция "Манас" эпосу жана азыркы маданият" аталып, анда илимдин кандидаттары, окумуштуулар С. Мусаев, Б. А. Бакиева, Ө. Козубаев, А. П. Ярков, А. Керимбаева, А. Асанканов, К. Ибраимовдор чыгып сүйлөшкөн. С-га Казан, Москва, Новосибирск, Алматы, Нукус, Ош, Ташкен шаарларынан окумуштуулар катышкан. С-дун материалдары бүткүл союздук конференциянын материалдары менен бирге "Түркология —88" аттуу китепке чыгарылган, к. Бүткүл союздук V түркология конференциясы; "Түркология —88".

Симпозиум (1990) түзөтүү

("Манас" эпосун комплекстүү изилдөө маселелери боюнча бүткүл союздук симпозиум) — "Манас" эпосун ар тараптан изилдөөгө арналып өткөрүлгөн илимий жыйын. 1990-жылдын 13—14-сентябрында Фрунзе шаарында өткөн. 

Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институту уюштурган. Пленардык жыйынды Кыргыз ССР Илимдер академиясынын вице-президенти, академик, Т. Койчуев ачып, кириш сөз сүйлөгөн. Анда негизги докладдар менен Кыргыз ССР Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү Р. 3. Кыдырбаева ("Манас" эпосунун архаикалык поэтикасы), СССР Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, түркологдордун советтик комитетинин төрагасы Э. Р. Тенишев ("Манастын " болжолдуу хронологиясы жөнүндө), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү А. А. Брудный ("Манас" эпосун психологиялык талдоо жөнүндө), тарых илимдери нин доктору Ө. Караев ("Манас" эпосунун жаралуу доору) чыгып сүйлөшкөн. Симпозиум тематикалык 4 секцияга бөлүнүп иштеп, 50 доклад угулган.

Биринчи секция — ""Манас" эпосун изилдөөнүн фольклористикалык аспектилери" деп аталып (жетекчиси Кыргыз ССР Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Р. 3. Кыдырбаева), анда окумуштуулар Э. Абдылдаев ("Манас" эпосунун байыркы тарыхый негиздери жөнүндө), А. Рахманов (Байыркы түрк руникалык эстеликтери жана "Манас"), Т. Абдыракунов ("Манас" эпосунун келип чыгуусу жөнүндөгү маселеге карата), Ш. Ибраев (этикалык мотивдерди системалаштыруу маселеси (кыргыз жана казак фольклорунун материалдарында), К. Омуркулов ("Манас" эпосунда гиперболанын образ түзүүдөгү ролу), К. Осмонбетов ("Манастагы" геологиялык кен байлыктар жөнүндө), С. Кайыпов ("Манастын " илимий жарыялоо маселелери). Ш. Халмукамедов (Кыргыз жана түркмөн элдеринин эпикалык салттарындагы жомоктун элементтердин жалпылыгы), Р. Сарыпбеков ("Манас" эпосунун эпикалык борбору жөнүндө) жана башкалар доклад менен чыгып сүйлөшкөн.

Экинчи секция — "Манас"" эпосун изилдөөнүн лингвистикалык жана этнографиялык аспектилери" деп аталган (жетекчиси Кыргыз ССР Илимдер академиясынын анык мүчөсү Б. Ө. Орузбаева). Анда окумуштуулар жана изилдөөчүлөр М. Мусаев, И. Кязимов, И. Молдобаев, К. Дыйканов, Ш. Жапаров, А. Шаршеналиева, Б. Алымбаева, К. Коңкобаев, А. Боронов, К. Сейдакматов, Ж. Орозобекова жана башкалар доклад жасашкан.

Үчүнчү секция — "Манас" эпосун изилдөөнүн философиялык жана эстетикалык аспектилери" деп аталып (жетекчиси философия илимдеринин доктору, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү А. И. Нарынбаев), анда окумуштуулар Ш. Акмолдоева, Т. Танаев, Т. Аскаров, К. Матиев, А. Бекбоев, Д. Айдарова жана башкалар доклад менен чыгышкан.

Төртүнчү секция — "Манас" эпосун изилдөөнүн педагогикалык жана маданият таануучулук аспектилери" деп аталып (жетекчиси философия илимдеринин доктору, профессор А. Исмаилов), анда окумуштуулар жана изилдөөчүлөр К. Асаналиев, А. Исмаилов, Б. Алагушов, Ж. Шериев, О. Шайымкулов, К. Дүйшалиев, А. Акматалиев, Р. Кармышакова жана башкалар чыгып сүйлөшкөн. С-га Москва, Фрунзе, Ашхабад, Ташкен, Алматы, Бакы, Ош шаарларынын окумуштуулары катышкан. С-га манасчылар Каба Атабек уулу (Тоң району), семетейчи Сейдене эне (Токтогул району), Уркаш Мамбеталы уулу (Фрунзе), Мейман Исраилов (Жумгал) да чакырылып, өнөрлөрүн тартуулашкан. Кинорежиссёр М. Убукеевдин "Улуу манасчы" деген илимий популярдуу кино тасмасы көрсөтүлгөн. Кыргызстан Жазуучулар союзунда симпозиумдун катышуучулары жазуучулар менен жолугушуп, ай тегерек маек уюштурулган. Корутунду пленардык жыйында филология илимдеринин доктору, профессор М. Борбугулов "Манас" энциклопедиясын түзүүнүн принциптери", М. Убукеев ""Манас" эпосун маданий таануу жагдайында шөкөттөө" деген докладдар менен чыгып сүйлөп секциялардын жетекчилеринин билдирүүлөрү угулган. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору А. Эркебаев корутунду сөз сүйлөгөн. С. "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөнү, Кыргыз ССР Илимдер академиясында "Манас" институтун ачуу жөнүндөгү сунуштарды киргизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4