""Руанда" мейманканасы" (англ. Hotel Rwanda, орус. Отель Руанда)- Терри Жорж 2004-жылы тарткан британ-италия-түштүк африкалык тарыхый драма. Тасма Жорж жана Кейр Пирсон жазган сценарийден адаптацияланган. Тасмада Дон Чедл жана мейманкананын ээсинин ролун Софи Оконедо аткарган 1994-жылы жазында Руандада болгон геноцидге негизделген тасма, африкалык "Шиндлердин тизмеси" деп аталган. Тасма Рузесбагинанын өз уй бүлөсүн жана башка миңдеген качкындарды Дес Милле Колинес мейманканасында баш калкалоого жардам берүү менен алардын өмүрлөрүн сактагандыгын баяндайт. ""Руанда" мейманканасы" геноцид, саясий паракорчулук жана зомбулуктун таасирин ачыкка чыгарат.

Алгач көз-карандысыз тасма катары чектелген гана кинотеатрларда көрсөтүлгөн. Бирок бир нече Оскар наамдарына көрсөтүлүп, "Мыкты актёр", "Мыкты экинчи пландагы актриса" жана "Түп нускадагы эң мыкты сценарий" наамдарын утуп алган. Тасма ошондой эле Берлин жана Торонто эл аралык фестивальдарында да бир нече сыйлыктарды жеңип алган. ""Руанда" мейманканасы" 2004-жылдын 22-декабрында Кошмо Штаттарда чектелүү санда көрсөтүүгө берилген жана дүйнө жүзүнө 2005-жылдын 4-февралында көрсөтүлүп, өлкө ичинде 23 миллион АКШ долларынан ашык киреше тапкан. Эл аралык көрсөтүүдө кошумча 10 миллион АКШ долларын табуу менен жалпы кирешеси 34 миллион АКШ долларын түздү.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү