Тарых, өтүлүк — адамзат коомунун өткөн жолун изилдөөчү илим. Коом тарыхы Жер, жаратылыш тарыхынын бир бөлүгү жана уландысы. Коомдун тарыхы жер жүзүндө адамдын пайда болушунан башталат.
- Коом менен жаратылыштагы өнүгүүнүн ар кандай жүрүмү.

Тарых арабча “та’рих” – “сыпаттап айтуу”) – адамзаттын ишмердигин, акыбалын, көз карашын, коомдук алакаларын жана уюмдарын, руханий, чарбалык, социалдык-саясий өнүгүүсүн тээ өтмүштөн бери иликтеген гуманитардык билим тармагы. Адамзат тарыхын изилдөөчүлөр (тарыхчылар) заттык жана руханий булактарга (археологиялык, этнографиялык, жазма, сүрөт, видео, үн, ж.б.) таянышат. Жана ошондой элетарых (латын сөзүнөн "hisтoria" – тарых; өткөндөр тууралуу баян)

– 1) жаратылыш менен коомдун өнүгүү процесси;

- 2) адамзаттын конкреттүү жана көп түрдүү мүнөздөгү өткөн тарыхын окуп-үйрөнгөн коомдук илимдердин комплекси

(тарых илимдери). Бул илимдердин чегинде далилдер, окуялар жана процесстер тарыхый булактардын негизинде изилденет. Тарых жалпы тарыхтан жана айрым өлкөлөр менен элдердин тарыхынан турат; -Алгачкы жамааттык тарых,

-Орто кылымдардын тарыхы, жаңы тарых

- Жана соңку жаңы тарых болуп бөлүнөт.

Тарыхтын негизги тармактары болуп экономикалык тарых, аскердик тарых, тарыхый география, ж. б. болуп эсептелишет. Комплекстүү илим болуп саналган тарыхтын органикалык составы болуп адистештирилген Тарых илимдери, археология жана этнография саналышат. Маданияттын, илимдин жана техниканын ар тараптуу тарыхы аталган илимдердин (математиканын тарыхы, физиканын тарыхы, философиянын тарыхы ж. б.) жана искусство түрлөрүнүн (музыканын тарыхы, театрдын тарыхы ж. б.) таарыхый бөлүмдөрү тарабынан изилденет. Тарых тигил же бул чөлкөмдү (африканистика, балканистика), элди (синология, тюркология ж. б.) же элдер түркүмүн (славян таануу) изилдеген гуманитардык илимдердин тобуна кирет.

Тарыхты терең иликтөө аркылуу адамзаттын өнүгүү баскычтары, багыттары, цивилизациялык жетишкендиктери, жалпы адамзаттын өнүгүүсү үчүн тигил же бул этностун же инсандын салымдары, адамзат тарыхындагы бурулуш учурга жетелеген окуялар, кайгылуу, алааматтуу жана жеңиштүү, ийгиликтүү учурлар, өткөндүн оң жана терс сабактары таразаланат.

Тарыхты комплекстүү үйрөнүү аркылуу гана тигил же бул элдин, улуттун, этностун, социалдык топтун, диндин, расанын өзгөчө тарыхый барактарын калыс таразалоого болот.

Тарыхты иликтөөнүн да ар кыл усулдары бар.

Тарыхый жазма булактарды иликтөө – булак таануу менен байланыштуу.

Археологиялык эстеликтерди жана жайларды иликтөө менен археология илим тармагы алектенет.

Тарыхты изилдегендердин ар кыл мектебин, ар тарыхчынын тарыхый саамалыктарын, өзгөчөлүктөрүн, жетишкендигин жана кемчилигин иликтөө – тарыхнаама илимий тармагы аркылуу жүргүзүлөт.

Тарыхты илимий иликтөө тарыхый далилдерге гана таянат, ушул жагынан ал тарыхый окуяларды пенде катары айтып берүүдөн, өз жоромолун бир беткей таңуулап сунуштоодон кескин айырмаланат.

Булактар түзөтүү

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү