"Сатурн" сыйлыгы (англ. Saturn Award) - жыл сайын Илимий фантастика, фэтези жана коркунучтуу тасмалар академиясы ыйгарган сыйлык; башында тасмалардын илимий фантастика, фэнтези жана коркунучтуу элементтерине ыйгарылчу, кийин ошол жанрдагы тасмаларга, ошондой эле телекөрсөтүүлөргө жана үй медиа чыгарууларга тапшырылып калган.

Сатурн сыйлыгы.

Бул сыйлык башынан бери "Түтүккө окшотуп түрүлгөн алтын кагаз" деп аталат. "Сатурн" сыйлыгы 1973-жылы негизделген, ал илимий фантастика, фэнтези жана коркунучтуу тасмаларга арналган байыркы сыйлык тапшыруу аземдеринин бири.

Тарыхы түзөтүү

"Сатурн" сыйлыгы 1973-жылы Дональд А. Рид тарабынан иштелип чыккан, ал Голливуд сыйлык тапшыруу аземи системасында маани берилбеген илимий фантастика жанрындагы тасмаларга жетиштүү көңүл бурулбаганын белгилеген. Сыйлыктын статуэткасы Сатурн планетасына окшош, аны курчап турган шакекчеси тасмадан турат.

"Сатурн" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү Академиянын мүчөлөрү тарабынан тандалат. Академия - коомчулукка ачык болгон коммерциялык эмес уюму. Анын президенти жана аткаруучу продюсери - Роберт Холгуин, Продюсер/жазуучулары: Бредли Маркус жана Кевин Маркус. Академиянын мүчөлүгүнө Жеффри Жейкоб Абрамс, Брайан Сиңер, Стивен Спилберг, Брайан Фуллер, Марк А. Олтмен, Винс Жиллигэн жана Жеймс Кэмерон кирет.

"Сатурн" сыйлыгы башынан илимий фантастика, фэнтези жана коркунучтуу тасма категориялардагы тасма жана телекөрсөтүүлөргө ыйгарылса да, учурда ал башка драмалык жанрларга да ыйгарылат. Булардан тышкары, сыйлыктын кинематография тармагындагы жетишкендиктер үчүн атайын номинациясы да бар. "Сатурн" сыйлыгынын 42чи сыйлык тапшыруу аземи 2016-жылы 22-июнда Бербанкта (Калифорния) өткөн.

Шилтемелер түзөтүү