Илимий фантастика - адам баласынын кыялынан жаралып, келечекте иш жүзүнө ашырууда мүмкүн болгон илимий-техникалык маселелерди койгон жана сүрөттөгөн көркөм чыгармалар.

Илимий фантастика.

Адабият‎

түзөтүү

Илимий фантастиканын тарыхы байыркы замандардан башталат, бирок анын көркөм адабиятта өзүнчө жанр катары калыптанышы Ж. Верндин ысмына байланыштуу. «Укмуштуу саякаттар» деген жалпы ат менен жарыяланган романдар циклинде ал илим менен фантастиканын байланышын биринчи белгилеп, алардын табылгалары адамзатка кызмат кылат деп далилдөөгө аракеттенген. Илимий фантастиканын дагы бир көрүнүктүү өкүлү Г. Уэллс (1886-1946). Ал илимий фантастиканы социалдык божомол менен айкалыштырып, чыгармаларында техникалык өсүштүн натыйжасы адилетсиз буржуазиялык коомдо адамзатты кыйроого дуушар кылат деген идеяны өөрчүткөн. Илимий фантастикада бир катар ири чыгармалар жаралган (А. Толстой «Аэлита», 1928; «Инженер Гариндин гиперболоиди», 1925-26; А. Беляев «Адам -амфибия», 1928; Г. Адамов «Эки океандын сыры», 1939). Кыргыз адтында К. Эсенкожоевдин «Үчүнчү шар» (1939) аңгемеси, Касымалы Жантөшевдин «Ашуу ашкан суу» ,(1955) повести илимий фантастика багытындагы алгачкы туундулар болгон. Кыргыз адабиятында фантастика жанрын профессионалдык деңгээлге Беганас Сартов көтөргөн. Ал эми Ч. Айтматов «Кылым карытар бир күн», «Кассандра тамгасы» романдарын жаратуу менен кыргыз адабиятындагы илимий фантастикалык жанрды жаңы сапаттык баскычка жеткирди.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү