"Улуу патриот укмуштуу "Манас""

"Улуу патриот укмуштуу "Манас"" — [[Рахматуллин Калим Ахмедович|Калим Рахматуллиндин]] жазган эмгеги (Фр., 1942). Эмгекте кыргыз элинин улуу эпосу "Манас" жана анын боштондук үчүн жоого аттанган азамат чоролорунун айбаты, салтанаты сүрөттөлөт. Байыркы кытайдын жана арабдардын тарыхчылары кыргыз эли боштондукту сүйгөн, жоодон коркууну өлүм менен бирдей көргөн, каарман, баатыр эл деп белгилешкен. Байыркы кыргыздардын мыйзамы боюнча жоодон корккон аскердин башы алынган. Дүйнөнү титиреткен моңголдорго бой бербегендиги үчүн кыргыздарды "Могулстандын жапайы арстандары" деп аташкан. Ал эми Түрк кагандыгы "Биздин эң күчтүү душманыбыз кыргыздар эле" деп моюнга алган. Автор Кыргыздардын ушул өткөн тарыхын "Манас" эпосу менен байланыштырат. "Манас" эпосунун негизги мазмуну кыргыз элинин өткөн доордогу боштондук үчүн күрөшүн сүрөттөйт. Эзилип, чаалыгып, бытырап кеткен кыргыз элинин баш кошкондугун жана өзүнө кол салган душмандарга каршы күрөшкөндүгүн айтат. Автор ""Манас" эпосу элдин чыгармасы, болгондо да өз ата мекенин жана боштондукту сүйгөн элдин патриоттук чыгармасы. Демек, ал чыгарманын башкы баатыры Манас да кыргыз элинин улуу патриоту болот", — деп жыйынтык чыгарат. Китептин айдан аркы уландысында автор идеал образ катары Манастын портретинин берилишине токтолот. Эпостун өзүнөн үзүндүлөр келтирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4