Кан полиметалл кени

'Кан полиметалл кени‎»‎ барагынан багытталды)

Кан полиметалл кени - Баткен облусунун Кадамжай районунда, Фергана шаарынан түштүк-батыш тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк тармагы Катраң тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1100–1300 м бийиктикте. Кен илгертен белгилүү. Кен серпентинитке айланган ультранегиздүү тоотектердин арасында жайгашкан. Анын аймагында силур, девон жана Таш-Көмүр мезгилдеринде пайда болгон сланец, акиташ теги жатат. Руда негизинен галенит, сфалерит, пирит минералдарынан түзүлүп, альбитофир, акиташ теги, сланец, серпентинит жана брекчияларда кездешет. Кенде линза, шток тарамча ж. б. ар түрдүү татаал түспөлдөгү 80 руда тулкусу бар. Алардагы коргошун 50,5%, цинк 20%ке жетет. Кен герцин металлогениялык доордо гидротермден пайда болгон. Кен 1950–74-ж. "Кан рудниги" тарабынан казып алынып турган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү