«"Манас" героический эпос киргизского народа»

«"Манас" героический эпос киргизского народа»«Манас» эпосу жөнүндөгү орус тилинде жазылган илимий макалалардын жыйнагы (Фр., 1968); Китепте кириш сөз ордуна берилген «Редактордон» деген макаланы С. Мусаев жазган. Жыйнакка белгилүү илимпоздор менен «Манас» изилдөөчүлөрдүн ар кайсы мезгилде жазылып, эпосту изилдөөнүн түрдүү проблемаларына арналган төмөнкү макалалары топтоштурулган: В. В. Радловдун 1885-ж. Санк-Петербургдан чыккан «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» деген эмгегинин 5-томунун «Баш сөзү», Ч. Ч. Валихановдун «Жунгария очерктеринен» үзүндү, Г. Алмашинин «Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону», П. Фалевдин «Кара кыргыз былинасы кандай курулат», Е. Д. Поливановдун ««Манас» эпосунун орусча котормосунун принциптери жөнүндө», К. А. Рахматуллиндин «Манасчылардын чыгармачылыгы», А. Н. Бернштамдын «Кыргыз эпосу «Манастын» пайда болуу доору», ««Манас» деген аттын келип чыгышына карата», П. Н. Берковдун ««Манастагы» Ата Мекен идеясы», С. М. Абрамзондун «Кыргыздын баатырдык эпосу «Манас» этнографиялык булак катары», Б. М. Юнусалиевдин ««Манас» кыргыздын баатырдык эпосу». Бул жыйнактын материалдары алгач М. Ауэзов тарабынан топтоштурулуп, басууга 1948-ж. даярдалган, бирок ар кандай себептер менен чыкпай калган. Кийин кээ бир эмгектер жарыкка чыгып, айрымдары актуалдуулугун жоготконуна байланыштуу Ауэзов даярдаган материалдардын бардыгы жыйнакка киргизилген эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4