«Академия кечелери» - кыргыз элинин миң жылдап басып өткөн тарыхый улуу жолун профессионалдык адабияттын көркөм каражаты менен эпикалык масштабда чагылдырууга аракеттенген алгачкы ири чыгарма. 20-кылымдын 30-жылдарындагы Кыргызстанда курулуп жаткан социалдык коомдун өзгөчө артыкчылыгын даңазалоо («Биз ким элек, ким болдук?») максаты менен К. Тыныстанов баш болгон авторлор тобу тарабынан (К. Жантөшев, Ш. Көкөнов, А. Сопиев) 1931-32-жылдары жазылган. К. Тыныстанов өзүнүн 1933-жылы 3-июнда «Советская Киргизия» гезитине жарыялаган «Мой путь, мое творчество, мое лицо» деген макаласында « Академия кечелери » кыргыз элинин узак тарыхын - илгерки аскердик-феодалдык заманын, кечээги колониялдык-капиталисттик доорун, пролетардык социализмдин курулуш мезгилин искусство тили менен көрсөтүүнү максат кылгандыгын, үч доорду чагылдырган мындай зор драмалык-театрдык панорама аркылуу негизги үч максатты көздөгөндүгүн маалымдайт. Автор аталган макаласында: 1) таптардын күрөшүндө зарыл курал болуп эсептелген искусствого материалисттик көз караштын тууралыгын көркөм форма аркылуу көрсөтүү болгон. Бирок сынчылар бул драмалык чыгарманын идеялык мазмуну ошол кездеги буржуазиялык улутчулдардын Орто Азия элдеринин революцияга чейинки турмушу кой үстүнө торгой жумурткалаган бейпилдик катары даңазаланган деп айыпталат; 2) бул бөлүктө кыргыз коомундагы тап күрөштөр тарыхынын негизги учурлары менен эмгекчилерди тааныштырууну көздөгөн болсо («Көз көргөндөр»), кыргыздын бий-манаптарынын жүрүм-турумун, кылыктарын сынга алууга аракет кылышканы менен бүтүндөй алганда « Академия кечелери » табияттын кучагында бейкапар уктап жаткан кыргыздардын өткөндөгү төгөрөгү төп турмушу, тапсыз идеалдуу патриархалдык бейпилчилдикке суктануу, кайрылгыс болуп кеткен «алтын мезгил» жөнүндөгү сагыныч күчтүү деген айып коюлган. Спектаклде кыргыздын ири манабы Шабдандын өлүмү эл тарабынан жалпы кайгы, жалпы трагедия катары кабыл алынат. Көпчүлүк аны жалпы элдик баатыр катары даңазалайт. Авторлор «калктын атасы» деп атайт деп күнөөлөгөн; 3) сынчылар социализм үчүн күрөштө пролетариаттын маанилүү куралы болгон пролетардык искусствонун жардамы менен эмгекчилерди уюштуруу, баш коштуруу экендиги баса белгиленбестен, кыргыз элинин жаңы турмушка карата кыймылы совет бийлиги, колхоз түзүлүшү үчүн болгон күрөшү примитивдүү түрдө бурмаланып көрсөтүлгөн деп катуу сындалган. Кол жазма (оригинал) бизге чейин келип жеткен жок. Бар болгону К. Тыныстановдун өзү түрмөдө жатып сурак учурунда « Академия кечелеринин» эсинде калганы боюнча которуп, «түшүнүк» катары жазып берген орусча варианты гана бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1