«Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери»

«Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери» — кыргыз акындарынын чыгармачылыгына арналган, авторлор коллективи тарабынан жазылган китеп (Фр., 1988). Китепте Октябрь революциясына чейинки жана андан кийин жашаган белгилүү ырчы, акын, манасчылардын чыгармачылык портреттери берилген. Китеп кириш сөздөн, Легендарлык акындар, Төкмө акындар, Куудулдар, Манасчылар деген бөлүктөрдөн турат. «Манасчылар» (471 — 492-б.) деген обзордук макаланы С. Мусаев жазган. Анда манасчылык кесипке ээ болуунун баскычтары белгиленип, манасчылык өнөргө байланыштуу маселелер жөнүндө кеп болот. Манасчылар мектептери туурасында да маалымат берилген. Айтуучулардын өмүрү, чыгармачылык жолу жөнүндөгү төмөнкү макалалар кирген: Шапак Рысмендеев (500—515-б.), Сагымбай Орозбак уулу (515—534-б.), Жаңыбай Кожеков (534—543-б.), Жакшылык Сарыков (551 — 559-б.), Акмат Рысмендеев (595— 602-б.), Мамбет Чокморов (жазган К. Кырбашев); Багыш Сазанов (543—551-б.), Молдобасан Мусулманкулов (559—570-б.), Саякбай Каралаев (602—639-б.) (жазган Р. Сарыпбеков) жана Тыныбек Жапый уулу (492—500-б.), Ыбырай Абдырахманов (578—595-б.), Дуңкана Кочукеев (570-578-б.) (жазгандар Р. Сарыпбеков, С. Алиев).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4