«Алгачкы айкаш» — «Манас» сериялары» деген наам менен жарык көргөн китепче (Фр., 1942). Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча басмага даярдаган Ж. Бейшекеев, жооптуу редактору А. Токомбаев. Көлөмү 2644 сап ыр, 98 бет. Азыркы арип менен басылган. Китептин аягында көөнө сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. «А. а.»— эпостогу поэтикалык жактан эң күчтүү сүрөттөлгөн туруктуу салттык окуялардын бири. «Чоң Казаттын» үзүндүсү. Китепче композициялык жактан бир бүтүн чыгарма катары «Алмамбет менен Сыргактын кытайдын колу менен беттешкени» деген темада чоң окуянын башталышы катары айтылат. Окуя жылкы тийүүдөн башталып, Коңурбай жылкысын ажыратып алуу үчүн Алмамбет, Сыргактардын артынан көп жолу кол менен кууп келип, алар менен беттешкенинен тартып ооруктагы кыргыз колуна кабар жетип жардамга келгенге чейинки кагылыштар баяндалат. Алгыр куштар, кыраан куштар — аң (карышкыр, түлкү, сүлөөсүн, коён жана башкалар), илбээсин (кыргоол, кекилик, чил, тоодак, өрдөк, каз, көгүчкөн жана башкалар), боз куштарды (чымчык, таранчы, торгой, чакчыгай жана башкалар.) алуучу жана аларды уулоо үчүн атайын тапталуучу жырткыч куштар. Аларга: буудайык, бүркүт, ителги, куш, ылаачын, турумтай, жагалмай, борбаш, кыргый өңдүүлөр кирет. Булардын ичинен бүркүт, куш, жагалмай, турумтай, кыргый шыпырып алуучулар-кармоочулар, ителги, ылаачын тебүүчүлөр болуп саналышат. Кыраандардын тумшуктары ичтерине ийрейип, текөөрлөрү сыртына чыгып, чалгындары тикендешип, өздөрү жүрөктүүлүгү аң, илбээсинге шамдагай тийип, тумшук матырып жибергендиги аркылуу башка куштардан айырмаланат. Куш төрөсү буудайыкты жана кыргыйды жети кесептин (качырганын куткарбас) бири дешкен. Кыргый турпатынын кичинекейлигине карабастан жебедей тез учуп, өзүнөн чоң кекилик, чилге чейин кол салат. Уусун алары менен мууздап жиберет. Үндөктөөгө кеч көнөт. Алп кыраандардын бири бүркүттүн кырктан ашык түрү айтылат: чөл бүркүтү, сары бүркүт, төө комдой (олжосу төөгө сылай жүк болот), оролмо тоонун ак ийин, калбыр канат, муз мурут, ак канжыга, тынар, куу чегир, ур токмок, жылан көз (башы жыландын башына окшоп кетет), канжыгалуу кара кер, керегендүү кер көз жана башкалар Кыраандыгына карата түлкүлүк бүркүт, карышкырдык бүркүт болуп бааланат. Ителгинин он-он беш уясынан бир шумкар чыгат, ылаачындын он-он беш уясынан бир шумпай чыгат. Ителгинин буту жоон, кыскараак келип, өңү көгүш болот. Ылаачындын арышы узун, шыйрагы бир аз ничке, буту менен тумшугу сары болот. А. к. жаш өзгөчөлүгүнө карай бозум, туйгун, тунжур деп бөлүнөт. Ителги, ылаачын, илбээсин, куштарга, коён өңдүү айбанаттарды алууга чабыттайт. Жагалмайдын чоңдугу кыргыйдай, бирок, канаттары учтуу, ичкерээк, карлыгачтын канаты сымалданып кетет. Турумтайдын чалгындары анча узун эмес, тегерек тартып кичирээк, буттары кыска болот. Жагалмай менен турумтай, таранчы, торгой, чакчыгай сыяктууларга өтө тап келет. Боз чымчыктын кырааны — борбаш таранчыдан анча чоң эмес. А. к-ды жалпы сыпаттоочу «кыраан» деген эпитет Манастан баштап (Кырааным Манас, өзүң ук; Сагымбай Орозбаков, 4.171), Алмамбет (Кыраан эр кырга чыкканы; Сагымбай Орозбаков, 4. 213), Чубак, Сыргак жана башкалар чоролорго, жалпы эле баатырларга карата колдонулат (Манас кандын кырк кыраан; Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 210). Ал эми бүркүттүн кырктан ашык түрүнүн бири, абдан кырааны сыргак делет. Манастын кырк чоросунун кырааны, өз аты Бердибек болсо да, сыны, баатырлыгы ошол кыраан бүркүткө окшоштурулуп Сыргак атка конгон. Чалгынга барарда Алмамбет: Сыны Сыргак, ашык эр, Атышкан жоону көргөндө Ажал өлүм кайда дээр Өлүмдү билбес өзү бар, Өрт жалындай көзү бар. Өчөшкөн жоону көргөндө Өкүмат өткүр сөзү бар (Сагымбай Орозбаков, 4. 174) Сыргакты тандайт. А. к-дын абдан тез учушу баатырлардын шамдагайлыгын, аңга, илбээсинге токтолбой кол салышы каармандардын көрсөткөн эрдигин белгилөө үчүн, айрыкча согуштук көрүнүштөрдү, баатырлардын согушка киришин сүрөттөөдө пайдаланылат: Жагалмайдай эр Чубак Көкөтөйдүн Бокмурун Жерден эңип кетти эле, Мааникерге мингизип Аман алып өттү эми (Саякбай Каралаев, 2. 150), же Берен Сыргак кырааның Ылаачын тийген таандай Ар жагына бир чыгып, Бер жагынан качырып Калың кытай сан колду Сүрүп кетип баратат (Саякбай Каралаев, 2. 152). Эпосто ошондой эле каармандардын жаш өзгөчөлүгүн белгилөөдө да А. к-га байланыштуу айтылган учурлар кездешет. Жаралуу болуп казаттан кайтып келаткан Манас баласын алып алдынан тосуп чыккан Каныкейге төмөнкүчө кайрылат: Алып келчи бер жакка Өлгөндө көргөн баламды! Боз ала туйгун болпоңду, Алып келчи бер жакка Боз карчыга чолпонду! (Саякбай Каралаев, 2. 223). Көкөтөйдүн ашында түктүү таман Түкүбай менен күрөшүүгө Агыштын жарай турганын айтып келип Каныкей: Оролмо тоонун ак ийиндей бүркүттү Балдагы жок кондуруп, Салып чыгып келаткан Агыштай эрди көргөмүн (Саякбай Каралаев, 2. 52),— дейт. Карышкыр алчу алп бүркүттү балдагы жок кондуруп жүргөндүгүн айтуу менен Агыштын балбандыгы белгиленип жатат. Кыраандардан ителги, ылаачын, куш, жагалмай, турумтай өңдүүлөргө томого катпайт. Мүнүшкөрлөр алгырларды таптоодо аларды кармоо (куш күйүү), үндөктөө (колго коңдуруу), түлөккө отургузуу (түлөтүү), таптоо (аңга даярдоо), аңга салуу (алдыруу) өңдүү жолдорду басып өтөт. Иленин суусун бойлошуп, Ителги салып ойношуп, Чүйдүн суусун бойлошуп Чүйлү салып ойношуп, — деп сүрөттөлгөндөй элдик таң-тамашалардын бир түрү болгон алгыр куштарды салуу эпостон айрыкча анын «Семетей» бөлүмүндө айтылат. Мисалы, Күлешендин Гүл-Токойдо шумкарына илбээсин алдырып жүргөн Семетей Сарытазга жолугуп, андан ата-тегин угат. Адатынча тапка келген Акшумкарды алып салбырынга чыккан Семетей аккуу болуп кубулган Айчүрөккө шумкарын алдырып жиберет жана башкалар Кыраан куштар күлүк ат, сулуу кыз, алгыр тайган, жамбы өңдөнүп илгертен баркканаркка өткөн. Бул эпосто Акшумкардын жогору бааланышынан да көрүнөт. Акшумкар Манастан Семетейге мурас болуп калат; Айчүрөк Семетей шумкары үчүн болсо да келет деп, атайылап Акшумкарды алып кетет; Үргөнчтүн боюнда Акшумкарды сурап Айчүрөккө кайрылган Күлчоро: Жоготуп койсоң шумкарды Сен өңдөнгөн кыздардан Токсон бир кыздын доосу бар (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 54)— дейт. Азыр улуттук спорттун бир түрү катары бааланып, ири салтанаттарда куш салуу тамашасынын өткөрүлүшү байыркы өнөрдүн туура бааланышы болуп саналат. Алдашев Абдулкай Алдашевич (1918, Жети-Өгүз району, Ак-Кочкор айылы) — советтик фармаколог, котормочу. Кыргыз айыл чарбаинститутун бүтүргөн (1939). Ветеринария илимдеринин доктору (1965), профессор (1966), Улуу Ата мек. согуштун катышуучусу. Кыргыз ССРинин эмг. сиң вет. врачы (1974). 70-жылдардын башында Б. М. Юнусалиевдин жетекчилиги астында түзүлгөн «Манас» эпосунун канондук текстин орус тилине сапмасап которуу үчүн котормочулардын конкурсун өткөрүүгө (К. К. Юдахин менен бирге) жетекчилик кылган. Редакциялык совет тандап алган 120 000 сап котормонун 115 000 сабын (5000 сапты К. К. Юдахин менен бирге) А. илимий талапка ылайык иретке салып терминдерди орусча так берүүгө жетишкен.

А. катышкан жана редакциялаган сапмасап котормонун негизинде «Манас» эпосунун илимий басылышы «СССР элдеринин эпостору» деген серияда Москвадан ишке ашырылып жатат. Орус тилине көркөм которулуп жаткан «Манас» үчилтигиннн «Семетей» жана «Сейтек» бөлүмдөрүнүн сапма-сап котормосунун 30 000 сабы да А-ге таандык. А. эки 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, «Кызыл Жылдыз», эки «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Алеңгир жаа — эпосто баатырлардын алып жүргөн жоо жарагы: «Атынын мойну бир кулач, Айбандан түрлүү көрүнөт, Алеңгир жаа асынган, Адамдан сүрдүү көрүнөт» (Сагымбай Орозбаков, 2. 300). Алеңгир — байыркы түрк-моңгол сөзү. Саадак деген маанини билдирет. Ал эми жаа деген экинчи компоненти да саадак маанисинде колдонула берет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында А. ж. кытай жоокерлери колдонгон курал катары да айтылат. Мисалы, «Алеңгир жаа асынган, Азезил шайтан мас кылган Нескара деген эр экен» (Сагымбай Орозбаков, 1. 208), «Шаңмусары дегени... Алеңгир жаа, сыр жебе» (Сагымбай Орозбаков, 1. 273) салгылашта пайдаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4