«Алдан маадыр» музейи - Тува Республикасынын борбору Кызыл шаарында жайгашкан тарыхый-этнографиялык музей. Музейдин аталышы кыргыз тилинде «алтымыш баатыр» деген маанини туюнтат. 1883-ж. ачарчылыкка, манжур-монгол (Цин) жана жергиликтүү эзүүчүлөргө каршы көтөрүлгөн элдин жана анын жетекчилеринин атынан келип чыгат. Музейде Кыргыз каганатынын жана кыргыздардын орто кылымдагы этностук тарыхын, маданиятын, тилин чагылдырган тарыхый-этнографиялык, археологиялык маалыматтар өтө арбын. Анда Туванын аймагынын байыркы, орто, жаңы доорлору, 1944-ж. СССРге бириккен мезгилге чейинки тарыхы чагылдырылган. Эң кызыктуусу, музейде кыргыздарга таандык рун сымал жазуулар чегилген таш эстеликтердин ири көргөзмөсү бар. Кыргыз эстеликтери Элегест, Учуг-Хая ж.б. жерлерден алынып келип орнотулган. Музейдеги кыргыз жазуулары ж.б. тарыхый баалуу экспонаттар б.з. 5-15-кк. таандык.


Колдонулган адабияттар түзөтүү