«Алмамбеттин арманы» — элдик дастан күү. Комузчулар арасына кеңири таралган бул күүнүн чыгышына «Манас» эпосундагы Алмамбет баатырга байланыштуу окуялар себепчи болгон. Коңурбай баштаган кытай кандары менен батыша албай, эли-жеринен кетүүгө аргасыз болгон Алмамбет казак баатыры Көкчөгө келип туруп калат. Анын келиши менен казак элинин туурдугу май, өзүлөрү бай болуп, Алмамбеттин айбатынан казактарга даап эч ким кол сала албайт. Эл Алмамбетти өз элинен чыккан баатырдай урматташат. Алмамбет да аларды сыйлайт. Алмамбетти көрө албаган казак билермандары, алардын тилине кирген Көкчөнүн кичи аялы Буудайбек Алмамбетти каралайт. Аларга ишенген Көкчө «Элиңе, жериңе кет тентиген кул» — дейт. Кейиштүү тагдырга туш болуп, же түз бастырып кете берээр жери жок кайгыга баткан Алмамбетке Акеркеч Манас баатырга баргын деп кеңеш берет. Ошондо Алмамбет капалана: Көкчөдөн көргөн күнүм бул, Көсөмгө кантип барамын? Өлөңдүү жерге өрт койгон, Көсөлгө кантип барамын ...Нарынан качып пилине Барган менен нетейин? Башымды алып кутулуп, Башка бир жакка кетейин,— дейт каңырыгы түтөп. «А. а.» айтым күү болгондуктан адатта комузчу адегенде күүгө өзөк болгон ушул окуяны аңгемелеп айтып келип, анан күүнү аткарат. Күү жай жүрүштөгү кайрыктарда өткөрө муңдуу чертилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4