«Баатырлар аллеясы» мемориалы

«Баатырлар аллеясы» мемориалы - Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульварында курулган скульптуралык мемориал комплекс. Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгенге 30 жыл толгонго карата 1975-жылы ачылган. Советтер Союзунун Баатырлары Ч. Түлөбердиев, Д. Шопоков, Н. Я. Ананьев, Г. Е. Конкин, И. В. Москаленко жана Г. А. Петренконун бюсттары, Кыргызcтандык Советтер Союзунун Баатырларынын жана Даңк орденинин толук кавалерлеринин ысмы жазылган мемориал такта орнотулган (скульпторлор: Т. Садыков, Г. Тупый, В. Шестопал, Т. Досмагамбетов, 3. Хабибуллин, А. Мухитдинов; архитектор В. В. Курбатов).

Колдонулган адабияттар түзөтүү