«Генезис Эпоса "Манас"» («"Манас" эпосунун генезиси») — Р. 3. Кыдырбаеванын орус тилинде жазылган монографиясы (Фр., 1980). Тарыхый салыштырма планда иликтенген бул эмгек төрт баптан (главадан), киришүү жана жыйынтыктоочу бөлүмдөрдөн турат. Автор ''Манас'' эпосунун пайда болуш, калыптаныш процесстери сыяктуу орчундуу проблемаларды карап, анын түпкү булактары, ар кандай тарыхый доорлордо өнүгүшү, поэтикасынын эволюциясын талдоого алат. Окумуштуу өзүнүн илимий ой жүгүртүүлөрүндө эпос жанрынын өнүгүш проблемасын генетикалык жана типологиялык аспектиде чечүүдө, структуралык-мазмундук жана эстетикалык маанайдагы татаал кыймылын ачууда Орто Азиянын, Казакстандын, Сибирдин тарыхый, фольклордук материалдарына көңүл бурган. Мунун өзү эмгектин илимий баалуулугун, масштабдуулугун көтөрүп, андагы козголгон маселенин канчалык терең иштелип чыккандыгын айгинелейт. Эпостун алгачкы өнүгүү мезгилин Р. Кыдырбаева «түрк-моңгол элдеринин алгачкы эпосторунун, уламыш, легендаларынын түздөн түз байланыштуу аренасы» деп эсептейт. Ушул элдердин алгачкы эпосторунун материалдарын салыштырып отуруп, автор баалуу жана конкреттүү жыйынтыктарды чыгарат. Алтай, якут жана буряттардын баатырдык эпосторунда көөнө көрүнүштөр, мифтер кеңири учураса, «Манас» эпопеясында тарыхый окуялар үстөмдүк кылат деген Р. Кыдырбаеванын пикири ынанымдуу көрүнөт. Өзүнүн генетикалык тамыры, байыркы эпикалык мазмуну, стилистикасы боюнча ''Манас'' эпосу якут жана Алтай элдеринин эпостору менен үндөшүп турат. Окумуштуу ошондуктан бул маселени атайын талдоого алып, генетикалык жана типологиялык жалпылыгын аныктоо менен бирге алардын өнүгүшүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтөт. Бул маанилүү салыштыруулар аркылуу автор якуттардын «Олонхосу» те байыркы, алгачкы жамаат коомдогу эпостордун түрүнө кирерин, андагы каармандардын кара күчтөр менен кармашарын жалпылап туура жыйынтыктайт. Ал эми Алтайлыктардын эпосу эпикалык чыгармачылыктын өнүгүшүндө каарман өз уруусун коргогон эр жүрөк баатыр, мерген жана малчы болгонун көрсөтөт. Кыргыз эпосунун өсүп-өнүгүүсүндө мына ушундай эки кырдаалды байкоого болот. Бирок ал түрк-моңгол элдеринин эпосунун сапаттык өнүгүүсүндө улам жаңы тарыхый окуяларга байланыштуу каармандын мүнөзү, иш аракети бир топ конкреттештирүүнүн натыйжасында ''Манас'' эпосу нукура тарыхый-баатырдык эпоско айланат.

Түрк кагандыгынын пайда болушу менен Борбор Азиядагы элдердин тарыхый-баатырдык эпосу, анын ичинде «Манас» да жаңы көркөмдүк күчкө ээ болуу менен айрым бир баатырдын эрдиги кененирээк чагылдырылат. Бул тарыхый мезгилде эпостун көркөм диапазону ого бетер кеңейип, элдин тарыхы менен андан да тыгыз байланышып, эпикалык башкы каарман эл кызыкчылыгын коргоочу болуп калат. Өз кезегинде бул баатырдык эпостун классикалык түрүн түзүүгө алып келет. ''Манас'' эпосундагы ушул жана ушуга окшогон маанилүү маселелер «Эпостун классикалык формалары» деген бапта кеңири талкууланат.

Эмгектеги «Эпостун баатырдык-тарыхый трансформациясы» деген бап илимий-теоретикалык баалуу жыйынтыктары менен айырмаланат. Анда ''Манас'' эпосунун ногой темасы жана сюжеттик кеңейиши менен нускалык стили объективдүү алынган фактылардын негизинде деталдуу талданат. Автор бул маанилүү теориялык проблемаларды тактап карап чыгып, бул процесс байыркы сюжеттердин, мотивдердин, поэтикалык маанайдын негизинде өнүгүп отургандыгын Орто Азия, Казакстандын эпосту таанып үйрөнүү тарыхында алгач ирет белгилейт.

Р. Кыдырбаева ''Манас'' эпосунун эволюциялык өнүгүүсүндөгү маанилүү этапты — «Эпостогу кийинки эпикалык формалар» деген бапта ар тараптан талдаган. Ал этап эпосту жаңы тарыхый окуялар менен толуктайт. Натыйжада өз тобун, өз уруусун коргоп келген башкы каарман Манас бүтүндөй бир элдин — кыргыз элинин баатырына айланат. Эпостун темасы жаңы мотивдер менен байып, анын негизги каармандары жалпы улуттук мүнөзгө ээ. Сырттан келген баскынчылар менен болгон күрөш ''Манас'' эпосунун идеялык-тематикалык мейкинин кеңейтет. Ал ошентип отуруп, ''Манас'' эпосун түзүүчү элдин өлбөс-өчпөс талантын, улуулугун жаркырата көрсөткөн классикалык эпос катары калыптанат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4