«Даткайым» скрипкачылар ансамбли

«Даткайым» скрипкачылар ансамбли – скрипкачы кыздар тобу. 1998-ж. Ч. Абдрахманованын демилгеси менен М.Абдраев атындагы Республика адистештирилген музыкалык мектептин, Москва, Алматы, Смоленск, Бишкек консерваторияларынын бүтүрүүчүлөрүнөн түзүлгөн. 1999-ж. КР Маданият министрлигинин чечими менен Кыргыз улуттук филармониясынын курамына кирген. Ансамблдин репертуарында 120дан ашуун музыкалык чыгармалар бар. Алар: И. С. Бахтын 2 скрипка үчүн ля-минор концерти, А. Вивальдинин 2 скрипка үчүн ля-минор концерти, С. Рахманиновдун «Элегиясы», С. Медетовдун «Скерцосу», К. Молдобасановдун «Саманчы жолу» балет-ораториясынан үзүндү, Ж. Шералиевдин «Түшүмдөсүң» (иштеп чыккан К. Бодров) жана башка. Ансамбль республикада өткөрүлгөн фестивалдарга, кайрымдуулук концерттерине активдүү катышат. КРдин жаштар сыйлыгынын лауреаты (2007).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Алагушов Б. Кыргыз улуттук филармониясы. Б., 2006.