«Ден соолук» журналы – Кыргыз ССР Саламаттык сактоо министрлигинин илимий-популярдуу көркөм журналы. 1960-жылдан айына бир жолу чыгып турган. Анда медициналык илимдин жаңы ачылыштары, ийгиликтери, жетишкендиктери, коомдук жана жеке гигиена, ар кандай дарттардын алдын алуу, санитариялык талаптарды аткаруу, эмгекти, эс алууну туура уюштуруу, эне менен баланын саламаттыгын коргоо сыяктуу маанилүү маселелер боюнча макалалар, очерктер, сүрөттөр, адистин кеңештери басылып турган. Учурда журналга КР Саламаттык сактоо министрлиги жана «Ден соолук» акционердик коому ээлик кылып, ал ай сайын кыргыз жана орус тилдеринде чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1