Медицина, эмчилик — адамдын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо максатында соо жана оорулуу адамдын организминдеги өтүп жаткан процесстерди изилдөөгө, ооруларды алдын алууга, дарылоого багытталган илимий жана практикалык иштердин тармагы. Адамзаттын илимий жана практикалык ишинде медицина көрүнүктүү орунду ээлейт. Ар бир адам өзүнүн ден соолугун сактоого, коргоого же кокусунан ооруп калса таза сакаюуга ынтызар. Медицина өзүнүн көп жылдык тарыхында бараандуу жетишкендиктерге жетишти. Азыркы мезгилде диагностикалык, профилактикалык жана дарылоо каражаттары менен адам өмүрү сакталып, мурда айыкпаган ооруларды айыктырууда. Бирок али да болсо медицина түпкү максатына жете элек. Медицинанын өнүгүү деңгээли, мазмуну, абалы турмуштун материалдык шартына, коомдук түзүлүшкө, маданияттын жалпы деңгээлине жараша болот. Медицина өзүнүн өнүгүшүндө биология, физика, химия илимдери менен тыгыз байланышта. Ал өзүнүн басып өткөн көп жылдык тарыхында ооруну дарылоо, алдын алуу, анын пайда болуу себептерин табуу, ден соолукту сактоо жана коргоо чараларын жүргүзүү менен көптөгөн тажрыйбага жана билимге ээ болду.

Медицинанын тармактары: