«Едигей» («Идиге») – татар, казак, ногой, башкыр, кара калпак, өзбек жана Батыш Сибирдеги түрк элдерине тараган баатырдык эпос. «Едигей» эпосунун тарыхый негизи – маңгыт эмири Едигейдин даражасынын жогорулашы жана Темирдин катышуусу менен анын Алтын Ордонун ханы Токтомушка (14-кылымдын аягы) каршы күрөшү. Едигей жана анын ата-бабалары менен укум-тукумдары жөнүндөгү жомоктор казактын эпикалык «Кырк баатыр» аттуу жыйнагынын генеалдуу циклдерине топтолгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1