«Жаныш-Байыш» - кыргыз элинин баатырдык дастаны. Ал бир нече кылым оозеки жашап, укумдан-тукумга өтүп, калыптануу жана өнүгүү тарыхында ар түрдүү идеялык-философиялык ойлор менен байыган. Мурда анын үзүндүлөрү жөө жомок түрүндө айтылып келген. Пайда болгон доору так эмес. Бирок дастан каармандарына жана мазмунуна караганда кийинки доордо эле (16-18-кылымда) жаралган болушу мүмкүн. «Жаныш-Байышта» кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн калмак баскынчыларына каршы күрөшү, эркиндик, теңдик жөнүндөгү үмүт-тилеги, ой-санаасы айтылат. Ошондой эле баатырдык жана акылмандык, адилеттүүлүк жана ак ниеттүүлүк сыяктуу адеп-ахлак, санат мотиви да арбын. Дастан эки бир туугандын аты менен аталат. Бирок экөөнүн дастанда алган орду бирдей эмес. Байышка мүнөздөмө кеңири берилген. Жаныштын аты Байыш менен бирге айтылса да, ал баш каармандын образын гана толуктайт. Ошондой болсо да эки бир тууган эл мүдөөсүн жогору санаган, эл үчүн кызмат кылган, душманга каршы күрөштө эл башын бириктирип, зор күч топтогон баатырлар катары сүрөттөлөт. Азыр КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда дастандын төрт варианты бар. Биринчи вариантын М. Мусулманкуловдон (1922), экинчисин Ж. Жанаевден (1923) К. Мифтаков жазып алган. 3-4-варианты К. Акыев менен О. Урманбетовдуку. Бир варианты (К. Акыев, 1939, 1970) басмадан чыккан. Булар көркөмдүк сюжеттик-композициялык жактан бири-биринен айырмаланат. К. Акыев бул эпосту Токтогулдан үйрөнгөн. Бул вариант бардык нускалардан көлөмү гана эмес, көркөмдүгү, мазмун-маңызы, каармандардын образдарынын толук ачылышы, баяндоо ыкмасынын ар түрдүүлүгү, көтөрүлгөн идеянын жеткилең баяндалышы, куюлушкан бир кылка уйкаштык, сөз байлыгы, баатырдык теманын жогорку баскычта чечилиши менен айырмаланат. Дастан К. Акыевдин шакирти Сарыкунандан (Сагынбек Дыйканбаев) Б. Кебекова тарабынан жазылып алынган. Сарыкунан эки жолкусунда (1965, 1967) эки башка айткан, алар көркөмдүк жагынан кескин айырмаланат. Алгач жаздырышында К. Акыевдин вариантынын чегинен көп чыга албаса, кийинкиси өз алдынча варианттык деңгээлге жеткен. «Жаныш-Байыш» эпосун тарыхый-этногр. жагдайда атайын изилдөөгө алып, проф. И. Молдобаев монография жазган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5