Баатырдык эпос — элдин (уруктун, уруунун, тайпанын) өзүнүн жашоосу, көз карандысыздыгы үчүн душман күчтөр жана көбүнесе тарыхый, социалдык-саясий шарттар менен кагылышууларынан келип чыккан күрөшүн чагылдырган чылк ыр же кара сөз аралашкан көркөм баян. Бул эпостордун борборунда өз жамаатынын эң жакшы жактарын, баатырдык сапаттарын типтештирген каарман турат. Мындай эпикалык чыгармалардын кээ бирлеринде «аскердик демократия» доорунун шартына ылайык өздөрүнүн этникалык аймагын кеңейтүү, согуш олжосуна ээ болуу үчүн күрөшкөн тигил же бул уруунун, тайпанын жортуулдары баяндалган. Көп элдердин фольклорундагы мындай чыгармаларды конкреттүү тарыхый, илимий талдоо аларды классикалык мурастын ажырагыс бөлүгү катары туура иликтөөгө жана сын көз менен өздөштүрүүгө толук кызмат кылат. Ошону менен катар баатырдык эпостордун, айрыкча феодалдык доордогу эпостордун мазмунун элдердин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн баскынчыларга каршы күрөшү түзөт. Ошондуктан ар бир эл өзүнүн басып өткөн тарыхый жолунун улуу эстелиги катары, урпактарды патриоттук духта тарбиялоонун булагы катары карайт. Өзүнүн формасы, композициялык түзүлүшү боюнча баатырдык эпостор бир түрдүү эмес, ар бир элдин өзгөчөлүгүнө ылайык айырмачылыктарга ээ. Бирок, бардык элдердин баатырдык эпосторуна типологиялык окшоштуктар да мүнөздүү. Оң каармандын өз уруусуна же элине чексиз берилгендиги, душман менен келишпестиги, чечкиндүүлүгү, баатырдыгы, кара күчкө карктыгы, өлбөстүгү жана башкалар бардык баатырдык эпосторго жалпы орток типтүү көрүнүш. Ошондой эле көпчүлүк эпосторго мүнөздүү көрүнүштөр: фантастикалык гиперболалаштыруу, композициялык жактан окуялардын үзгүлтүксүз өнүгүшү, стилдик жагдайда салмактуу ыраатта баяндалышы, эпизоддорду, көрүнүштөрдү деталдаштыруу; салттык кырдаалдардын, мотивдердин, формулалардын, жалпы орундардын (айрыкча баатырдын жортуулунун сүрөттөлүшү, каармандын үйүнөн аттанып чыгышы жана кайтып келиши, душманды куугунтукташы, жекеге чыгышы, куралдарынын сүрөттөлүшү жана башкалар), туруктуу эпитеттердин, кайталоолордун молдугу жана башкалар. Баатырдык эпос тарыхый өсүп-өнүгүп олтуруучу жанр жана стадиялык өнүгүшү жагынан мифологиялык эпосторго караганда бир кыйла кийин пайда болгон, бирок ал дагы таптык коомго чейин, атап айтканда, энелик коом ыдырап, аталык коом менен алмашыла баштаганда түзүлө баштап, «аскердик демократия» доорунда жана тайпалардын курала баштаган мезгилинде калыптанып, кул ээлик жана феодалдык коомдордо өсүп-өнүгүшүн улантат. Эпостордун өнүгүшүнүн көөнө (архаикалык) стадиясында ненецтердин сюдбоби, эвенктердин нимканы, керел-финндердин руналары, якуттардын олонхосу, буряттардын улигери, алтай, хакас, тувалардын эпикалык ырлары, кавказ элдеринин нарттары жана башкалар пайда болгон. Мамлекеттер түзүлгөндөн кийин пайда болгон эпостор да бир кылка эмес, булар бир жагынан кул ээлик дүйнөнүн классикалык эпопеялары, экинчи жагынан европалык эрте феодализмдин эпикалык ырлары жана поэмалары, акырында мамлекетинин калыптанышы өтө создугуп кеткен көчмөн элдердин эпопеялары («Алпамыш», «Жангар», «Гэсэр») пайда болгон. Өнүккөн феодализмдин типтүү эпикалык чыгармаларына орустардын былиналарын, түштүк славяндарда юнактардын ырларын, «Сасундук Давид», «Роланд жөнүндө ыр», «Сид жөнүндө ыр» жана башкалар чыгармаларды кошсо болот. Баатырдык эпостордун стадиялык ар кыл түрлөрү «таптаза» формалардан турбайт. Бүгүнкү күндө жазылып алынган көөнө формадагы эпостор узакка созулган эволюцияны башынан өткөрүү менен кийинки тарыхый шарттардын, идеологиянын элементтерин өзүнө сиңирип, жаңыланган, толукталган мүнөзгө ээ болсо, «классикалык» феодализмдин шартында калыптанган нагыз тарыхый эпикалык чыгармалар эң көп сандагы көөнө элементтерди өзүндө сактап жүргөн болот. «Манас» эпосу өсүп-өнүгүшү жана түзүлүшү боюнча өтө татаал чыгарма болгондуктан, андагы ар кыл мүнөздөгү көптөгөн окуялар эпикалык циклдештирүүнүн мүмкүн болгон бардык түрлөрүн (биографиялык, генеологиялык, эпикалык борбордун айланасында циклдештирүү) өзүнө камтуу аркылуу өтө бекем тутумдашкан. Ал бул түрдөгү фабулалык синтезге ээ укмуштуудай зор эпопеяга соңку кездердеги компилятивдүү мүнөздөгү механикалык кураштыруу жолу менен эмес, элдик оозеки эпикалык чыгармачылыктагы жанр катары тарыхый өнүгүүнүн бардык баскычтарын басып өтүп, табигый түрдө келген. Бул жагынан "Манас" эпосу уникалдуу чыгарма, анткени дүйнө элдеринин бүгүнкү күндө илимге белгилүү бир да эпос «Манас» сыяктуу көөнө формасынан тартып эпостун гүлдөп өнүгүүнүн жогорку деңгээлине жеткен классикалык формасы тарыхый-баатырдык эпопеяга чейинки эволюциясын (эпос мындан кийин жанрдык өнүгүүсүн токтотуп авантюралык, сүйүү мотивдерине жол бошотсо, экинчи жагынан тарыхый ыр, баллада жанрына трансформацияланат) өз башынан кечирген эмес. «Манас» эпосунун Түштүк Сибирь, Борбор Азиядагы түрк-моңгол элдеринин баатырдык жомоктору (көөнө эпостору) менен генетикалыктипологиялык жакындыгы бар экендигин В. В. Радлов В. В. революцияга чейин эле хакастардын эпостору менен параллель карап көрсөткөн. В. М. Жирмунский В. М. «Манастын» жомоктук мифологиялык фантастика үстөмдүк кылган байыркы тарыхка чейинки катмары баатырдык жомоктун көөнө тибине жатарын белгилөө менен анын каармандарынын, сюжетинин Сибирдеги түрк элдеринин баатырдык жомоктору менен окшоштугун көрсөткөн. Окумуштуунун ою боюнча бул катмар кыргыздардын байыркы мекени Эне-Сай (Енисей) боюнда 6-кылымдан тартып түзүлгөн. Ошентип, «Манас» эпосунун алгачкы башаты көөнө эпостон (В. М. Жирмунский боюнча баатырдык жомок) башталат жана ал катмар якут, хакас, бурят, алтай элдеринин эпикалык чыгармалары менен түптөш. Бирок, «Манаста» жомоктук фантастика негизги жана жетектөөчү элемент эмес, анын окуялары элдин башынан өткөргөн тарыхый шарттарга бекем байланыштуу келип, өзүнүн мазмуну боюнча байыркылык кылган баатырдык жомоктордон айырмаланып турат. В. М. Мелетинский дүйнөдөгү илимге белгилүү эпостордун бардыгын салыштырып келип, «Манасты» бул жанрдагы чыгармалардын тарыхый өнүгүүсүнүн соңку этабына таандык деп эсептеп, классикалык формадагы баатырдык тарыхый эпоско кошот. Окумуштуу эпостордун көөнө формадан классикалык тарыхыйбаатырдык формага өтүшүн талдай келип: «...түрк элдеринин эпосторунун чегинде көөнө баскыч якуттардын, алтай саяндыктардын эпосторунда кашкая көрүнөт, башка түрк элдеринин фольклорунда бул баскыч калдык түрүндө гана сакталган. Классикалык эпика үчүн мүнөздүү көрүнүш катары — жомоктук өмүр баян мотивдери кыргыз эпосунда Гесер, Жангар сыяктуу чексиз баатыр жана өкүмдар — Манастын балалык, жигиттик кези менен чектелет. Бирок Манастын биринчи эрдиги фантастикалык желмогузду өлтүрүү эмес, баскынчы калмактын үстүнөн болгон жеңиш. Манастын негизги душмандары Гесер өзүнүн жортуулдарын жасаган сыйкырдуу күчкө ээ падышаларга салыштырганда алда канча тарыхый конкреттүү. ««Жангардагы-эпикалык душмандар сыяктуу аларда жомоктук шарттуулуктун чүмбөттөмөсү жок» (Е. М. Мелетинский. Введение в историческую поэтику эпоса и романа. М., 1986, 103-б.). Ошентип, «Манас» эпосу өзүнүн көп кылымдык өнүгүү тарыхында эпос жанрынын эволюциялык өнүгүшүнүн бардык баскычтарын басып өтүп жана эпикалык циклдештирүүнүн мүмкүн болгон бардык түрүн өз ичине камтып, байыркы баатырдык жомоктон (көөнө эпостон) классикалык формадагы тарыхый-баатырдык зор көлөмдүү эпопеяга айлануу менен эпос жанрынын гүлдөп өнүккөн эң жогорку чегине жеткен үлгүсү болуп саналат, кыскасы тарыхый-баатырдык эпос.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4