«Кабар» улуттук маалымат агенттиги

«Кабар» улуттук маалымат агенттиги – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалымат органы.

КП(б) Кыргыз обкомунун 1937-жылдын 17-январындагы токтомуна ылайык Кыргыз ССР ЭКС ошол эле жылдын 28-январында «ТАССтын Кыргыз телеграф агентствосун уюштуруу жөнүндө» чечим кабыл алган. Кыргыз телеграф агенттиги өз ишинде ТАССка тиешелүү негизги милдеттерди жетекчиликке алган. Республиканын саясий, экономикалыкжана маданий турмушун, коомдук уюмдардын чечимдерин, иш-аракеттерин, эл чарба пландарынын аткарылышын, илим-техниканын өнүгүшүн, маданият жаңылыктарын, ошондой эле Совет мамлекетинин ички жана тышкы саясатын ж. б. окуяларды кабарлап турган. Бюллетень, маалымат, фотосүрөттөрдү жыйноо жана таратуу максатында өзүнүн байланыш каражаттары менен жабдууларын, ошондой эле Кыргыз ССР Байланыш министрлигинин радио, телетайп, факс каналдарын пайдаланган. 115 өлкөнүн миңден ашуун агенттиктери, маалымат министрликтери, басма сөз, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниялары КырТАГдын абоненттери болгон. Жылына 800 басма табактан ашуун республикалыкжана чет өлкөлүк маалыматтар кыргыз тилине которулуп тургандыктан, агенттик республикадагы котормо ишинин да борборуна айланган. 1992-ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Кыргыз Телеграф агенттиги мамлекеттик «Кыргызкабар» маалымат агенттиги болуп кайрадан түзүлгөн. 1995-ж. улуттук «Кабар» маалымат агенттиги аталган. Иш-аракеттерине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Эл аралык маалыматка өз алдынча чыгууга, чет өлкөлөр менен байланыштарды күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 1996-ж. ЮНЕСКОнун көрсөткөн техникалык жардамынын натыйжасында Кыргызстанда биринчи болуп Интернет тармагын өрчүтүүгө көңүл бурулуп, биринчилерден болуп интернетке оперативдүү маалыматты кыргыз тилинде чыгарган. 1999-ж. Ош шаарында филиалы ачылып, өлкөнүн түштүгүнөн маалымат алып туруу мүмкүячүлүгүнө ээ болгон. Маалымат талдоо бөлүмү материалдарды иргеп, Интернетке чыгарып, экономикалык, саясий кабарларды, чет өлкөлүк жаңылыктарды, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү окуялардын күндөлүк баяндамаларын жарыялайт. Маалыматтар күн сайын кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде чыгарылат. «Кабар» агенттигинин архивинде 50 миңден ашык сүрөт (негативдер) сакталып турат. 1997-жылдан британиялык «Рейтер» маалымат агенттиги «Кабар» агенттигименен кызматташып, спутник байланышы аркылуу күн сайын 200дөн ашык фотосүрөт жана тексттик маалымат берип турат. 1998-жылдан Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги англис, орус жана кытай тилдериндеги 300дөн ашуун тексттик маалымат менен камсыз кылат. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын мамлекеттик агентчиликтерименен да туруктуу өз ара маалымат алмашуу жүргүзөт. «Кабар» агенттиги Ислам мамлекеттеринин экономикалык кызматташтык агенттиктери уюмунун, Тынч Океан регионунун жана Азия өлкөлөрүнүн улуттук агенттиктери уюмунун мүчөсү.

Жетекчилери: М. В. Морозов (1937-42), Н. В. Казанский (1942-49), Е. С. Янчик (1949-52), И. Е. Смирнов (1952-58), А. Ю. Сопиев (1958-72), Т. Иманалиев (1972-86), С. Усупов (1986-92), А. Рыскулов (1992-95), А. Романов (1995-98), К. А. Таабалдиев (1998-2007), Н. Момунов (2006-08), Н. А. Идинов (2008-10), Ж. Ш. Турдукожоев (2010-жылдан).

Колдонулган адабияттар түзөтүү