«Кастанье» үңкүрү, Аламышык үңкүрү – Ала-Мышык тоосунун түндүк капталында жайгашкан.

Нарын районунун аймагында. Нарын ш-нан 10 км батыш тарапта. Акиташ тектүү катмарда пайда болгон. Жалпы уз. 163 м, туурасы 4 м, бийикт. 2,5 мге чейин. Оозу 0,7 Ч 1,5 м. Үңкүр ийри-буйру жайгашкан. Үңкүр байыртадан белгилүү. Ал 19-кылымдын 70-жылдарында биринчи жолу Ю. Скайлер тарабынан эскерилет. Жерг. эл үңкүр м-н көптөгөн уламыштарды байланыштырат. Кооздук үчүн кеңири пайдаланылган мрамордун оникси көп табылган. Үңкүрдү 1899-ж. алгачкы жолу сүрөттөп жазган, Орто Азияны изилдөөчү И. Кастаньенин ысымынан аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2