Ала-Мышык — Ички Тянь-Шандагы Нарын кырка тоосунун батыш тарабы. Нарын менен Ат-Башы өрөөндөрүнүн ортосунда. Негизинен девон, карбон мезгилдеринин аки таш тегинен6 турат. Рельефи: чыгышты көздөй ичкерип, Нарын кырка тоосуна бел баскак(Шаркыратма суусунун өрөөну)аркылуу кошулат: борбор болүгү, бийик, капталдары тик, тектирүү, коолуу; батышы ичкерипбасаңдап, Жан-Булак коктусунан баштап түздүккө "чөгуп" кетет. Тектон түзүлүшү боюнча -горст-антиклиналь. Тундук беттериндеги капчыгайларда карагай, бадал түштүгүндө жарым чөлдүү кургак талаа өсумдуктору, чыгышында жана бийик бөлуктөрундө субалып тулаңы өсөт. Тоо беттериндеги аска таштарда сүрөт-чиймелер, аки таштуу жерлеринде үнкүрлөр бар. Анын эң бийик чокусуна ретрансляциялык телекөрсөтүү станциясы курулган.

Ала-мышык тоосу.

Колдонулган адабият түзөтүү

жана энциклопедия борбору.] Archived 2013-07-28 at the Wayback Machine - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2