«Кыргыз» этнотопонимдери

«Кыргыз» этнотопонимдери - Түштүк Молдованын аймактарынан кездешери маалым. Энчйлүү аттар (Кыргыз, Кыргыз-Кытай) дарыялардын аталыштары (гидроним) катары белгилүү. Мындан сырткары, ушул эле аймактагы Ак Маңгыт, Джалаир (кырг. Жалайыр), Кара-Кытай, Кара-Найман, Кереид (кырг. Кереит), Комрат (кырг.Коңурат), Копчак (кырг.Кыпчак), Костамгалия (кырг. Кош тамгалы), Манкыд (кырг. Мангыт), Найман, Токуз (кырг. Тогуз) жана башка ушундай сыяктуу этнотопонимдердин кыргыз урууларынын ичинде параллелдери кездешет. Изилдөөчүлөрдүн пикирлеринде бул этнотопонимдер 11-12-кк. эле пайда болгон. Байыркы кыргыз этнокомпоненттери печенег урууларынын толкуну менен эскерилген аймакка барып калуусу ыктымал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү