«Кырк кыз»каракалпак элинин баатырдык эпосу. Анда каракалпак элинин эркиндикке, теңдикке болгон умтулуусу, чет элдик баскынчыларга каршы баатырдык күрөшү баяндалат. Күрөш Аллаярдын Соркок чебин калмактар бузуп, мал-мүлкүн талап, элин туткундап, өз жерине айдап кеткенинен башталып, Гүлайым баштаган кырк кыз өзгөчө баатырдык, туруктуулук көрсөтүп, өз элиң калмактардан бошотушу менен аяктайт. Эпостун «Кырк кыз» деп аталып калышы да ушундан улам келип чыккан.

«Кырк кыз» эпосу — 20 000 ыр сабынан турат, бул көлөм элдик дастанчы Тажибаев Курбанбайдын сөзүнөн 1939 – 1940 жылдары жазылган.

«Кырк кыз» эпосунун негизги мазмуну түзөтүү

Аллаяр бай алты уулу жана кызы Гулайым менен байыркы Саркоп шаарында жашаган.  Гулайым он беш жашында атасынан Миуели аралын сурап, аралда чеп тургузат. Гулайым кырк курбу кыздарды чогултуп, аларды аскердик чеберчиликке үйрөтөт. Гулайым калмак ханы Суртайша көптөн бери Саркопко каршы согушууну ойлоп жүргөнүн билген жана ал согушка алдын ала даярданган. Гүлайым жана анын курбулары ээн аралга бак-дарактар жана гүлзарлар отургузушкан.

Чептин кожойкесинин сейрек кездешүүчү сулуулугу боюнча сөз башка өлкөлөргө тарайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү