«Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары

"Манас" эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары — Э. Абдылдаевдин эмгеги (Фр„ 1981). Эмгек эпостун чыгышы менен тарыхый өнүгүшүнүн закон ченемдүүлүгүн аныктоону алдыга коёт. Эпостун жаралышы жана анын тарыхый өнүгүшүнүн абалы тууралуу илимий түшүнүк алуу үчүн адегенде түрк-моңгол элдеринин эпикалык салттарынын өнүгүшүнүн алгачкы этабындагы баатырлык эпостордун көөнө формалары кандай мүнөздө болгондугу жөнүндө, алардын тематикасы, сюжеттери, эпикалык образдары жаралган доордун мүнөзү, тарыхый-эпикалык, экономикалык, маданий карым-катышта жашап келишкен чарбалык-маданий тиричилиги илимий талдоого алынат. Автор түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларынын алгачкы формалары "Манас" эпосунда сакталганбы деген суроолорго илимий негизде жооп берүүгө аракеттенген. «Манас» эпосунун эпикалык циклдештирүүнүн тарыхый шартына жана кыргыз элинин этникалык тарыхы менен байланыштуулугу жөнүндөгү маселелерге токтолгон, ошондой эле Манастын тарыхы жөнүндөгү полемикалуу маселелерге «Манас» эпосундагы эпикалык доорго кыскача мүнөздөмө берген. Китептеги маселелердин бири — эпикалык душман проблемасы. Эпостогу эпикалык душмандар: кытай, манжу, калмак, кара кытай, солон, шибээ жана башкалар элдердин аттары (айрыкча кытай, кара кытай) жөнүндө изилдөөчүлөрдүн ар кандай көз караштарына илимий жактан баа берип, өзүнүн көз карашын айтат. Изилдөөдө кыргыз эли менен жалпы маданий карым-катышта жашап келген элдердин (өзбек, тажик, уйгур, казак, каракалпак жана башкалар) ортосундагы жалпылыктарды салыштырып караган. Эпостогу эпикалык окуялардын ар түрдүү мотивдерде өзгөрүп-өнүгүүсү, жаңы эпизоддор менен толукталышын иликтөө менен кайсы мезгилдерде пайда болуп циклдештирүүнү аныктоого аракеттенип, «Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн этаптарын төмөндөгүдөй белгилейт: 1) Караханийлер доору (10—12-кылым) эпостун алгачкы тарыхый негизинин жаралышы; 2) Моңгол доору (12 — 15-кылым); 3) Ойрот-Жунгар Доору (15 — 18-кылымдын 1-жарымы); 4) Цин имериясынын доору (18-кылымдын 2-жарымы —19-кылым); 5) Кыргыздардын Россиянын составына киргенден Манастын негизги варианттары жазылган мезгилдерге чейин (19—20-кылымдын 1-жарымы). Эпос тарыхый жактан узак доорлорду башынан өткөрүп көп катмарлануунун натыйжасында татаал сюжеттүү, терең мазмундагы монументалдуу классикалык баатырдык эпостун деңгээлине жеткендигин далилдейт.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

  • kmb3.kloop.kg/index.php/2010/04/13/manas-eposu-internette-2/
  • www.krugosvet.ru/enc/kultura_i_obrazovanie/.../MANAS.html

категориясы: "Манас" эпосу