Кыргыздардын комуз күүлөрүнүн ичинде жүрөктү элжиреткен, кандайдыр бир тарыхты сыдыра баяндап сызып чыккан «Насыйкат» аттуу күүнү чоң комузчулар чертишип, жалпы кыргыздарга белгилүү болуп жүрөт.

«Насыйкат» күүсүнүн чыгышы жөнүндө уламыш. түзөтүү

Илгери бир заманда кыргызды жоо басып алып, аны тукум курут кылып жиберүүнү көздөп, ар кай жерге тоздурган экен.
Анын ичинде эң биринчиси комузду жоготуу, комуздун үнүн кыргыздын көкөйүнөн өчүргөндө анан, кыргыз башка элге оңой сиңип кетет дегенди жоонун бир акылманы ойлоп тапкан экен. Жоонун каны бүт жер бетинде комуз үнү чыкпасын, ким комуз чертсе башы кесилсин, деген өкүмүн чыгарган экен. Ошондой кордуктуу замандын бир күнү жоонун өкүмдарлары аң уулап, бир алыскы колоттун башында жүрсө, бир нерсенин үнү угулуптур, алар барып караса, жалгыз бир абышка ошол колоттун башында олтуруп алып комуз чертип олтурган экен. Ал өкүмдарлар абышкадан аты-жөнүн сураса, Сүйүнбай деген кыргыз экен. Алар: «комуздун үнү чыкса, баш кесилет деген өкүмдү укпагансыңбы?» — деп сурашса, ошону угуп-билгендиктен ушул жерде чертип отурганын айтыптыр. Өкүмдарлар чалды байлап, комузун мойнуна асып алып, эли-журтуна сабак болсун дешип, калкты калың чогултуп абышканы дарга асмак болушат. Дарга асуунун алдында абышкадан: «эмне талабьщ бар, айтып кал» деген экен. Абышка: «Мен как ушундай бир чогулушту күттүм эле, өлөр алдымда бир күү чертип алсам» деп суранган экен. Өлөр адамдын өтүнүчү кабыл болуп, Сүйүнбай чал «Насыйкат» күүсүн чертип, комузду, комуз күүсүн эч кандай жоо жогото албай турганын, ал ата-бабадан бери уланып келе жатканын айтып, калың эл журтка комузду, күүнү урпактан-урпакка улап айтуу жөнүндө «Насыйкат» күүсүн калтырган экен.
Кыргыздын комуз күүлөрүнүн уламыштары өтө эле көп, ар бир карт күүлөрдүн бирден уламышы айтылып калган. Күүлөрдүн уламышы ошол күүнүн эмне себептен чыккандыгы жөнүндө маалымат берилсе, дагы бир жагынан кыргыздын тарыхынан элес берет. Биз бул жерде ар бир күүнүн уламышына бирден токтолуп олтурбайбыз.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Ала-Тоо уламыштары. Түзгөн: Сулайман Рысбаев, Батыркулова Айгул. Серия:«Окуучунун китеп текчесине». (Тестиер жана өспүрүм курактагы мектеп окуучулары үчүн)

Эскертүүлөр түзөтүү