«Отражение этнических связей киргизов в эпосе «Манас»

«Отражение этнических связей киргизов в эпосе «Манас»Манас» эпосунда кыргыздардын этникалык байланыштарынын чагылдырылышы» — И. Молдобаевдин китеби (Фр., 1985). Эмгекте «Манас» эпосундагы казак, өзбек, башкырт, тува, алтай өңдүү түрк элдери менен болгон этникалык байланыштардын болушуна өбөлгө түзгөн карым-катнаш мамилелери каралат. Бул этникалык байланыштарды автор «Манаста» чагылдырылган эпостордун аттары менен Орто Азия жана Саян-Алтай аймактарында жашаган элдердин этнонимиясынын, тамгаларынын жана башкалар этнографиялык маалыматтарынын окшоштугуна таянып далилдейт. Монографияда ошондой эле кыргыздардын этникалык байланыштарына көмөкчү болгон эпосто чагылдырылган жол катнаштары да изилдене кеткен. Негизги булак катары «Манас» эпосунун революцияга чейинки, ошондой эле Совет доорунда жазылып, басмадан жарык көргөн варианттары жана үзүндүлөрү пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4