«Сагымбай манасчы жана анын варианты жөнүндө»

«Сагымбай манасчы жана анын варианты жөнүндө»«Манас» эпосунун жарык көргөн 1-китебине С. Мусаевдин жазган баш макаласы («Манас», Фр., 1978). Макалада бул вариант мазмуну, идеясы, көркөмдүгү жагынан жогору деңгээлде иштелген, композициясы боюнча толук бүткөн монументтүү элдик көркөм чыгарманын бийик үлгүлөрүнөн экени белгиленет. Колдогу башка варианттардан [[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбайдын]] варианты сюжетти курап турган эпикалык окуялардын толуктугу жана алардын жогорку көркөмдүктө баяндалышы менен айырмаланат. Муну [[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбайдын]] өзүнөн мурунку чоң Манасчылардын айткандарын угуп, алардын тажрыйбаларын чыгармачылык менен үйрөнгөнү, өткөн турмушка байланыштуу тарыхый, этнографиялык жана географиялык маалыматтарды, элдик оозеки чыгармачылыктын салттуу үлгүлөрүн өз вариантында арбын пайдаланганы камсыз кылган. Ошондуктан, Сагымбай Орозбак уулунун варианты ырынын кооздугу, түзгөн элестеринин тереңдиги жана байлыгы, эл турмушун кенен, таамай сүрөттөй алгандыгы менен өзгөчөлөнгөн бизге белгилүү варианттардын эң мыктысы катары бааланат. «Манасты» изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде Сагымбай жана анын варианты жөнүндө сөз болгондо адат катары ал варианттын мыкты касиеттери — терең элдик идеясы, көркөмдүгү, окуяларынын байлыгы жана башкалар менен кошо кемчиликтери да эске алынат. Сагымбай Орозбак уулу айткан «Манастын» кагаз бетине түшүрүү ишин 1922-ж. К. Мифтаков баштаган. Негизинен бул ишти жазып алган Ы. Абдыракман уулу болгон. Эпосту китеп түрүндө бастырып чыгаруунун принциптерин, текстти тандап алуунун, технологиялык иштерди жүргүзүүнүн жана жалпы эле текстти басмага даярдап, көпчүлүккө сунуш кылуу иши биринчи жүзөгө ашырылып жаткандыгы жөнүндө сөз болот. Ошондой эле башталган иш мындан нары улантылары да көрсөтүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4