«Шырдакбек»

«Шырдакбек» эпосу‎»‎ барагынан багытталды)

«Шырдакбек» - кыргыз элинин дастаны. Анда калмак баскынчылыгы тушунда кыргыз калкынын жабыр тартышы, Шырдакбектин Бозжоргосу менен аялы жөнүндөгү окуялары баяндалат.

Дастанды айтуучулар баш каарман Шырдакбекти 16-кылымдар чамасында өткөн, кыпчак уруусунан чыккан Эшимкандын тукуму деп, Эшимкандан Тейитбек, андан Курманбек, Курманбектен Сейитбек, андан Шырдакбек деп санжыра үлгүсүндө айтышат. «Шырдакбек» эл оозунда ыр түрүндө да, кара сөз түрүндө да айтылат. Турмуш карама-каршылыктарын, жакшы аттын көркүн, жүрүшүн таамай көрсөткөндүктөн дастандын бир топ сүрөттөмөлөрү, асыресе Бозжоргонун шумдуктуу жорголугу, Шырдакбектин аялынын чыккынчылык иштери ылакалка айланып кеткен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4