«Үчүнчү дүйнө» - бул термин «кансыз согуш» жылдарында пайда болгон жана советтик жана батыштык блокко кирбеген бир катар жацы улуттук мамлекетгерди (алгач Азиядагы жана Африкадагы, кийинчерээк Латын Америкасындагы) белгилөө үчүн колдонулган.

Натыйжада термин индустриализациянын төмөнкү деңгээли менен болгон экономикалык жактан начар өнүккөн мамлекеттерге карата колдонулган. Ага ьшайык жакырчылыктын жогорку деңгээли, көп сандаган социалдык койгойлор, мис., калктын сабатсыздыгы. Мындай өлкөлөрдүн көпчүлүгү аарынан мурда европалык мамлекеттердин колониялары болушкан. Убакыттын өтүшү менен алар саясий көз карандысыздыкка ээ болгонуна карабастан, алардын маданий жана экономикалык коз карандылыгы мурдагы метрополиялардан сакталып калган. «Үчүнчү дүйнөнүн» мамлекеттери социалдык, экономикалык жана саясий айырмачылыктардын абдан кеңири спектрин көргөзүшөт. Алардын басымдуу көпчүлүгү агрардык, бирок экономикадагы маанилүү үлүштү өндүрүп даярдап туруучу өнөр жай түзө алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8