«Үчүнчү дүйнөдөгү» мамлекет

«Үчүнчү дүйнөдөгү» мамлекет - саясий жана илимий колдонууга салыштырмалуу жакында гана кирген жана дүйнөлүк аренада мурда, эреже катары, колония же жарым колония болуп, анан саясий көз карандысыздыкка жетишкен көп сандаган өлкөлөрдүн пайда болушу менен байланышкан түшүнүк.

Саясат таанууда«Үчүнчү дүйнөдөгү» мамлекеттин ролу жана орду жөнүндөгү маселеге карата эки көз караш түзүлгөн. Биринчиси мурдагы колониялык коомдордун көйгөйлөрү өз чечилишин азыркы өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн өнүгүүсүн кайталаган эволюциялык жолдон табаарынан келип чыгат. Бул жагдайда мамлекеттүүлүк түн өнүгүүсүнүн үстөмдүк кылуучусу батыш баалуулуктарынын тутуму болуп калат. Ал өнүккөн жарандык коомдун, укуктук мамлекеттин, мамлекеттик бийлик формасындагы либералдык парламентгик демократиянын болушун болжолдойт. Экинчи көз караш салттуу баалуулуктар менен укуктук нормалардын негизиндеги (тике эл бийлиги, шарият нормаларына жана көбүрөөк кеңири мааниде теократиянын ар түрдүү формаларына негизделген мамлекетгүүлүк; абсолюттукту реставрациялоо жана сактоо ж.б.) мамлекеттүүлүктүн курулуш чөйрөсүндө «үчүнчү дүйнөдөгү» өз алдынчалыкты абсолютташтырат.

«Үчүнчү дүйнөдөгү» мамлекетти абсолюташтыруудагьг бардык ылайыксыздыгынын шартында азыркы күндө«Үчүнчү дүйнөдөгү» мамлекеттин алдында башка социалдык-экономикалык шарттардагы өлкөлөр чечкенден көп жагынан айырмалуу милдетгерди чечүү тураарлыгын баса белгилеп өтүү керек. Бул айырмачылыктардын бири болуп «үчүнчү дүйнөдөгү» коомдун мүнөздүү сапаты катары алсыз өнүккөндүк, б.а., экономикалык өнүгүүнүн төмөнкү деңгээли, салттуулук жана социалдык структурадагы иерархиялуулук, бөтөнчө социомаданий фон, укуктук жарандык коомдун түйүлдүк формалары эсептелет. Мунун бардыгы мамлекеттин иш жүргүзүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

Тездетилген экономикалык өнүгүүнүн зарылдыгы жана жергиликтүү ишкердиктин өнүкпөгөндүгү сөзсүз экономикадагы мамлекеттин маанилүү, кээде гипертрофтуу ролуна алып келет. «Үчүнчү дүйнөдөгү» мамлекетте жогорку бийликтин жүзөгө ашырылышы көпчүлук учурларда тең катар салттуу түзүлүштөрдүн (трайбализм, кландык мамилелер, фундаментализм ж.б.)' болушу менен татаалдашат. Мындай шарттарда жогорку бийлик же аларга ыңгайланышы, же аларды басышы керек болот. Ушул эле нерсени укуктун эки: мамлекет тарабынан киргизилген азыркы жана коомдо терең тамыр алган салттуу түрүнүн болушу жөнүндө даты айтууга болот.

Мамлекеттин экономикадагы гипертрофтук ролу, жогорку бийликтин иш жүргүзүүсүнүн өзгөчөлүктөрү, тең катар укуктук тутумдардын болушу, анын бардык аймагында мамлекеттик юрисдикциянын жүзөгө ашырылышынын атайын формалары сөзсүз, өзгөчө баштапкы баскычтарда, жаңы бонапартгык, авторитардык режимдерди пайда кылат. Мындай шарттарда армиянын ролу кескин жогорулайт. Мамлекеттүүлүктүн мындай формасы «демократиянын» багытталган, жөнгө салынган формасы катары. Ал тургай көбүрөөк жетилген жеке чарбалык капитализмдин өлкөлөрүндө (Индия, Малайзия, Сингапур ж.б.) калыптанган буржуазиялык парламенттик демократия авторитардуулуктун жогорку деңгээли менен мүнөздөлөт.

Ошентип, «Үчүнчү дүйнөдөгү» мамлекеттин эволюция тажрыйбасы белгилүү деңгээлде өнүккөн өлкөлөрдөгү мамлекеттүүлүктүн калыптанышынын окшош тажрыйбасын, либералдык парламенттик демократия сыяктуу анын типтерин билсе дагы, ырастайт. Мамлекеттүүлүктүн жана парламенттик демократиянын формаларына карата мезгилден тышкары коз караш «үчүнчү дүйнөнүн» социалдык жана маданий реалдуулуктарын эске албайт.

«Үчүнчү дүйнөдөгү» мамлекеттин дагы бир бөтөнчө сапаты болуп колониялык өткөндөн мураска калтырылган формалар, методдор, нормалар саналат. Ар бир метрополия коомду башкарууну уюштуруунун өзүнө таандык ыкмаларын киргизип гана тим болбостон, экинчи жагынан калыптандырды, азыр дагы бошонгон өлкөлөрдө бюрократиялык түзүлүштөрдү калыптандырып жатат. «Үчүнчү дүйнөнүн» өлкөлөрүндөгү мамлекеттүүлүктүн мындан аркы эволюциясы белгилүү деңгээлде алсыз өнүгүүнү жөнгө салуу жана заманбап жарандык коомду калыптандыруу менен байланышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8